Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:04

БШК: Эрдоган президенттик шайлоодо жеңди


Президент Эрдоган менен анын "Адилет жана өнүгүү” партиясынын жактоочулары шайлоонун жыйынтыгын майрамдап жатышат. 24-июнь, 2018-жыл.
Президент Эрдоган менен анын "Адилет жана өнүгүү” партиясынын жактоочулары шайлоонун жыйынтыгын майрамдап жатышат. 24-июнь, 2018-жыл.

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сади Гүвен Режеп Тайып Эрдоганды жана анын альянсын президенттик жана парламенттик шайлоонун жеңүүчүлөрү деп жарыялады. Төрага Эрдоган добуштардын 50% көбүн алып, “эң жакын келаткан атаандашын биринчи эле айлампада жеңди” деп билдирди. Гүвендин айтымында, добуштардын 99,1% саналып бүттү жана калган бюллетендер Эрдогандын кайра шайлынышына таасир этпейт.

Төрага “мыйзам бузууларсыз өттү” деп сыпаттаган шайлоонун расмий жыйынтыктары 10-11 күндөн кийин жарыяланмакчы.

Буга чейин мамлекеттик маалымат каражаттары Эрдоганга шайлоочулардын 52,5% добуш берсе, ал эми президенттин “Адилет жана өнүгүү” партиясы 42,5% алууга жетишти деп кабарлашкан. Эрдогандын негизги атаандашы, Республикалык-элдик партиянын төрагасы Мухаррем Инже 31% жакын добуш чогултканы маалымдалган.

Бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясы парламентте көпчүлүккө ээ боло алган жок. Бирок алардын өнөктөшү Улутчул элдик партия күтүлгөндөн көп добуш топтоп, Эрдогандын партиясы 600 орундуу парламентти көзөмөлдөйт деп күтүлүүдө.

Ал эми Инженин партиясына 23%, күртчүл Элдик демократиялык партияга 11% добуш тийди. Парламентке кирүү босогосу мыйзамда 10% деп белгиленген.

Расмий маалыматка ылайык, элдин катышуусу президенттик жана парламенттик шайлоонун экөөндө тең 87% болду.

Экономикалык кырдаал начарлап жаткан шартта ушул апрелде Эрдоган пландалгандан 17 ай эрте шайлоо өтөөрүн жарыялаган.

Былтыр талаштуу референдумда жактырылган конституциялык түзөтүүлөргө ылайык Түркия парламенттик системадан президенттик башкарууга өтүүдө. Эми премьер-министр кызматы жоюлуп президенттин ыйгарым укуктары кыйла кеңейүүдө. Андан тышкары мамлекет башчынын кызматынан кыянат пайдалануусун алдын алууга жардам берчү механизмдер да алып салынат. Өзгөрүүлөр шайлоодон кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG