Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Арменияда экс-президенттин инилери коррупция боюнча айыпталууда


Армениянын премьер-министри Серж Саргсян. 18-апрель, 2018-жыл.
Армениянын премьер-министри Серж Саргсян. 18-апрель, 2018-жыл.

Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсяндын иниси Александр Саргсян камактан чыкты. Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматына полициянын коомчулук менен байланыш башкармалыгынын жетекчиси Ашот Агаронян билдирди. Ал ошондой эле экс-президенттин бир тууганынан табылган куралдын мыйзамдуулугу текшерилип жатканын кошумчалады.

25-июнда Ереванда Александр Саргсян кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Ага "мыйзамсыз курал алып жүрөт" деген кине коюлган.

Ага удаа эле экс-президенттин дагы бир иниси Левон Саргсян жетектеген "Пюник" аттуу кайрымдуулук фондунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн. Коопсуздук комитети Саргсяндын фонду 40% ээлик кылган «Жи Эл Жи проект» компаниясы дайыма салыкты жашырып жүргөнү аныкталганын билдирди.

Дүйшөмбүдө Армениянын Коопсуздук кызматы экс-президент Саргсяндын күзөт кызматынын мурдагы башчысы Вачаган Казарянды кармады. Ага тиешеси бар деп эсептелип жүргөн Еревандагы музыкалык клубда тинтүү жүргүзүлгөндө чоң суммадагы акча – 1,1 миллион доллар, 230 миңден ашуун евро жана 36 миллиондой драм табылган. Мынча акча кайдан келгени ушул тапта иликтенип жатат.

XS
SM
MD
LG