Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:19

Киев цыгандардын конушуна кол салууну Орусиядан көрдү


Украинадагы цыгандардын конушу. 25-апрель, 2018-жыл.

Украин бийлиги Львовдун жанындагы цыгандардын конушуна кол салууну Орусиядан көрдү. 25-июнда белгисиз бирөөлөрдүн кол салуусунан бир киши каза таап, беш-алты адам жарадар болду. Полиция цыгандардын чатырларына өспүрүмдөр кол салышканын билдирди. Шектүү катары он чакты киши кармалды. Алардын баары неонацисттер тобунун мүчөлөрү экени маалым болду.

Украинанын ички иштер министри Павел Климкин: “Орусия Украинаны адам укуктарын коргобогон радикал мамлекет катары көрсөткүсү келет. Биз Москванын мындай аракеттерине каршы күрөшүп келебиз”,-деди. Бул цыгандардын конушуна биринчи кол салуу эмес. Апрель айында беткапчан белгисиз адамдар баласын көтөрүп бараткан аялды ташбараңга алышкан.

Европа кеңеши Киевден күнөөлүүлөрдү таап жазалоону талап кылган. Укук коргоочулар украин бийлиги жетиштүү чара көрбөй жатканын сындап келатышат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG