Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Чеченстандын Жогорку соту Титиевдин арызын четке какты


Оюб Титиев сотто (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Оюб Титиев сотто (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Чеченстандын Жогорку соту Оюб Титиевдин адвокаттарынын укук коргоочуну кармаган полиция кызматерлерине кылмыш ишин козгоо жөнүндө арызын четке какты. Бул тууралуу "Мемориал" укук коргоо борборунун Telegram-каналына жарыяланды.

Сот Титиевдин адвокаттарынын полиция кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козготпоого бийликте турган адамдар кызыкдар болгон деген жүйөсүн четке какты.

Мындан мурдарак Чеченстандын Жогорку соту Орусиянын президентине караштуу Адам укуктары боюнча кеңештин өтүнүчү менен даярдалган эксперттердин корутундусун Титиевдин кылмыш ишине тиркөөдөн баш тарткан.

“Мемориал уюмунун” Грозныйдагы кеңсесинин башчысы Титиев “баңгизат ташыган” деген кине менен январдан бери Чеченстанда камакта жатат. Анын тарапкерлери ишти “жасалма” деп эсептешет. Укук коргоочу өзү анын автоунаасына атайлап маңзат салып коюшканын айтып, тагылган айыптарды четке кагып келет.

Эгер укук коргоочуга тагылган айыптар далилденсе, Титиев кеминде 10 жылга кесилип кетиши ыктымал.

Оюб Титиевдин камалышы боюнча ондон ашуун эл аралык уюмдар, Батыш мамлекеттеринин жетекчилери тынчсыздануусун билдирип, Кремлди аны бошотууга үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG