Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Корчубек Акназаров атындагы айыл өкмөттө алтын кенине байланыштуу 28-июнда элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет билдирди. Маалыматка караганда, жыйынга 300дөй киши келип, ага Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да катышты.
Анда жашоочуларга Үрмарал кенин иштетүүгө лицензия алган "Полюс Голд Кей Жи" жоопкерчилиги чектелген коомунун иштөө шарты тууралуу маалымат берилди. Өкмөт өкүлдөрү аталган компания геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, алтын казууга лицензия алганын, азыр техникалык долбоор иштелип жатканын билдиришти.
27-июнда Акназаров айыл өкмөтүнүн тургундары аймакта жайгашкан Үрмарал тоосунда кен казуу иштерин токтотууну талап кылып айыл борборуна нааразылык акциясына чыгышкан. Алар кен иштетилсе, ичкен сууга цианид кошулуп кетет деп кооптонушкан.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет чачыранды алтынды иштетүүдө цианид же химиялык элементтер кошулбай турганын айтып жатат.
Мекеме жакынкы айылдарда да кен иштетүү боюнча калкка маалымат берилерин кошумчалады. Түшүндүрүү иштери бүткөнгө чейин "Полюс Голд Кей Жи" компаниясынын иши кечээтен тартып убактылуу токтотулду.
2017-жылдын 4-майында Үрмаралдагы 315 гектар жерде чалгындоо жүргүзүүгө аукцион өткөрүп, "Полюс голд кейжи" компаниясы дээрлик 11 гектар жерди казып чалгындоо укугун алган. Компания июндун башында ишин баштаган. (NT)