Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:11

Үрмарал кениндеги ишке айылдыктар нааразы


Митингге чыккан эл.
Митингге чыккан эл.

Бакай-Ата районундагы Корчубек Акназаров атындагы айыл өкмөт аймагынын эли 27-июнда Үрмарал тоосундагы кен казуу иштерин токтотууну талап кылып митингге чыгышты.

Жүздөн ашуун киши катышкан бул жыйынга бийликтен айыл өкмөт башчысы катышты. Кен казуучу компаниянын жана бийликтин тиешелүү тармактарынын өкүлдөрү келген жок.

Үрмаралда кен казуу укугуна "Полюс голд кейжи" компаниясы 2017-жылы конкурстук негизде ээ болгон.

Бакай-Ата районундагы Акназаров айыл өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына чогулган жүздөн ашык киши биринчи кезекте дооматты жергиликтүү кеңештин депутаттарына койду.

Алар кен казууга депутаттар уруксат берип жатып элдин саламаттыгын, жаратылышты ойлогон эмес деп тынчсызданды.

- Биздин сайдан беш айыл суу ичет. Үрмаралдын сайынан таза суу ичебиз, талааны да ошону менен сугарабыз. Ошого айыл өкмөтпү, депутаттарбы, кол коюп берип, эми кытайлар бүт казып, суунун баарын булгап жатышат. Ошого эл нааразы болуп бул жерге чыкты да. Казганда да теректердин баарын түбүнөн жок кылып салышты, - деди нааразылардын бири Бообек Ыбыраев.

Нааразылыкка чыккан эл. 27-июнь, 2018-жыл
Нааразылыкка чыккан эл. 27-июнь, 2018-жыл

Алтын кен казылып жактан Үрмарал тоосу менен айылдын ортосу жыйырма чакырым. Бул өтө жакын жана айыл эли үчүн кооптуу деп эсептеген жергиликтүү тургун Мусабек Момунтаев бийликти сындады:

- Бул жерде урматтуу депутаттардыкы туура эмес, элдин башын айлантып... Мына, азыр депутаттардын бирөө да жок, көрдүңбү? Андай мыкты экен, келбейби, сүйлөбөйбү? Булар «шапкесин алган» окшойт. Губернатор, аким кайда? 22 депутаттын бирөө да жок!

Чогулган көпчүлүк губернатордун келишин талап кылды. Өкмөттүн облустагы өкүлү учурда Бишкекте экени кабарланды.

Ошентип нааразылык акциясын уюштургандар менен жолугуу үчүн облустук, райондук бийликтин, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү да, депутаттар да келген жок. Алар үчүн нааразы тараптарга айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Тынысов жооп берди:

- Жер казынасы жөнүндөгү мыйзамга ылайык, лицензия алган компания жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, анан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга келет. Өкмөттүн токтому боюнча айыл өкмөт буларга жообун бериши керек. Ошол жерде "30 күндүк мөөнөт ичинде жооп бериши керек" деп жазылган. Ошол убакытта жооп болбосо, лицензиянын ээси автоматтык түрдө "ошол жерди пайдаланууга укугу бар" деп мыйзам түрүндө жазылып калган. Депутаттарды деле жаман көргөнгө болбойт. Алар деле талкуулады, бул маселени. Лицензия алган компания бизге келип жаткандан кийин мыйзам чегинде милдеттендирилип калган да.

Урмат Тынысовдун айтымында азыр Үрмаралда кен казуу иштери толук баштала элек. Ушундан улам ишти токтотуу боюнча тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт:

Урмат Тынысов
Урмат Тынысов

- Биз кечээ бардык, ал жакка. Компаниянын өкүлдөрү "үлгүлөрдү алып жатабыз" дешти. Булар эми "ал жерде иштеп жатабыз, уруксат алганбыз, баары мыйзам түрүндө" дешет, биз каршы болсок, сотко кайрылат. Ага чейин "элдин талабы ушундай болуп жатат" деп сүйлөшөбүз.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын июнь айында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Таластын Бакай-Ата районундагы 315 гектар жерде чалгындоо жүргүзүүгө аукцион өткөргөн.

Натыйжада "Полюс голд кейжи" аттуу компания 10 гектар 70 сотых жерди казуу ишине лицензия алган. Анын 5 гектар 10 сотых жери Ак-Дөбө айылына, калганы Акназаров айыл өкмөтүнө тиешелүү.

Жергиликтүү элдин маалыматына ылайык, компания өз ишин жыйырма күн мурда баштаган. Ал эми ушул жылдын 10-апрелинде Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы кен казуунун алдында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен тиешелүү адис келип, иштин жүрүшү тууралуу элге маалымат беришин өтүнгөн. Бирок ал комитет "алтын кенин казуунун элге зыяны жок" деп кат түрүндө жооп бергени маалым болду.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG