Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 15:15

15-майда Нарын районундагы Эмгекчил айылында жүздөй киши чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын кен комбинатын курууга каршы чыгышты.

Чогулгандар менен Мамлекеттик геология агенттигинин, жергиликтүү бийликтин жана комбинат курууга лицензиясы бар кытайлык “Jhong ji Mining company” компаниясынын өкүлдөрү жолугушту.

Жыйындын соңунда жергиликтүүлөр комбинаттын зыяндуулугун иликтеп чыгыш үчүн комиссия түзүштү.

“Jhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курулмак. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.

Эмгекчилдиктер алтын комбинатына каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00

Чогулгандар "Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинаты курулбасын" деген талап коюшту. Алар эгер комбинат салына турган болсо андан чыккан саркынды суу жайлоонун суусуна кошулуп, аны мал менен кошо ошол жердеги малчылар кошо ичип, ден соолукка олуттуу зыян тийгизээрин айтышты. "Мындан сырткары комбинаттан чыккан калдыктарды сактоочу жай да адам өмүрүнө кооптуу", дейт Эмгекчил айылынын тургуну Разбек Түкүев:

- Компания бизге башкы планын көрсөткөндө комбинат кырга курулат экен да, уу калдыктарын сактоочу жай сазга курулат экен. Биз ошого кабатыр болуп жатабыз. Мыйзам боюнча калдык сактагыч сайга курулса болобу?

Чогулгандарга “Jhong ji Mining” компаниясы Эмгекчил айылына социалдык пакет катары 13 млн. сом берилээри айтылды. Мындан сырткары айылдагы суу каналдын курулушуна буга чейин беш млн. сом которулган экен. Бирок мындай жардамга эмгекчилдиктер макул болушкан жок.

Нааразы тарапка жооп бериш үчүн өкмөттүн Нарындагы өкүлү, Нарын районунун акими, Мамлекеттик геология комитетинин адистери келди. Ал эми алтын комбинатын курчу “Jhong ji Mining” компаниясынын өкүлү Гүлмира Ибраимова "комбинат экологияга зыян келтирбейт, атайын иликтөө, экспертизалык иштер жүргүзүлгөн" деп ишендирди:

- Биздин долбоор жаңы технология менен иштейт. Саркынды суу тышка чыкпайт, өзүнүн технологиясы менен калдык сактоочу жайга суу агып чыгат. Бирок лабораториядан өткөн соң суу кайра айланып келип комбинатка кирет. Мындан экология зыянга учурайт деп коркпой эле койсок болот.

Сөз болуп жаткан алтын комбинатты куруш үчүн “Jhong ji Mining” компаниясы 2012-жылы чалгындоо жана кен казуу үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензия алган экен. Компаниянын жүргүзгөн алгачкы иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча алар иш жүргүзө турган 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын бар. Комбинаттын курулушу болсо 2018-жылга пландалган. Ишкана жерди убактылуу пайдаланыш үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган. Ибраимова эми эл макулдугун берсе эле иш башталаарын айтты:

- Мыйзам боюнча элдин уруксатын алып кереги жок, жазылган эмес. Анткени жер мамлекеттики. Бирок биз ага карабастан, бир чети коопсуздукту сакташ үчүн элдин алдына келдик. Эми эл уруксат берсе эле кагаз иштерибизди бүткөрүп алып ишти баштайбыз.

Солтон-Сары жайлоосунда жайгашкан алтын кени Нарын районунун Эмгекчил жана Миң-Булак айылдарына карайт. Ал эми эмгекчилдиктердин ишке жарамдуу бөлүгүнүн басымдуусу бул аймактан алтын чайкап, оокат кылаары белгилүү. Жыйында "кенди башка өлкөнүн өкүлдөрү эмес, жергиликтүү ишкерлер, тургундар эле иштетсе" деген да сөз болду.

Эмгекчил айылдык кеңешинин депутаты Белек Сурапов кандай болгон күндө да бардыгы мыйзам чегинде чечилсе деген ойдо турат.

- Мыйзам чегинде өзүбүздүн балдар же кыргыз компаниялары эле казып иштетишсе болмок. Болбосо "биртике мораторий жарыялап токтотуп бир аз кармап турсак болмок" деген ой болгон. Туура, "инвестор келсин" деп жатабыз, бирок инвестор да кыргыз мамлекетинин, элинин талабын, кызыкчылыгын ойлошу керек да?

Чогулгандар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү талашып-тартышып отуруп акыры айылдык кеңештин депутаттары менен кошо айылдын тургундарынан турган комиссия түзмөй болушту. Алар курулушу быйыл баштала турган алтын комбинатынын зыяндуулугу боюнча иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгын элге билдиришет.

Аманбай Кайыпов.
Аманбай Кайыпов.

Бирок өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов кен казууга “Jhong ji Mining” компаниясынын колунда тийиштүү лицензия турганда комбинат кандай болгон күндө да курулаарын айтты.

- Каршы пикирлер болду, башка пикирлер болду, ушундай болушу керек болчу. Биз ошон үчүн элге келип түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. "Элдин үнүн угалы, бардыгын эл билсин" деп жатабыз. Ал эми кен казуу үчүн лицензия алган компаниянын лицензиясын кайра кайтарып алуу мүмкүн эмес. Алар да мыйзамдуу түрдө Мамлекеттик геология агенттигинен алышкан. Биз азыр элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн башка аргабыз жок.

Солтон-Сары алтын кенинде "Кыргызалтынга" тийиштүү алтын комбинаты бар. "Бул комбинаттан чыккан саркынды суу жайытка тарап, мал-жанга зыян тийгизип жатат" деп жергиликтүүлөр кабатыр болуп келатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин англис тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG