Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:02

Ошто жер мыйзамдарынын бузулушун атайын топ иликтемей болду


Ош шаары, Курманжан датка кичи району, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги тосулган тилке. 1-июнь, 2018-жыл.

Ошто жер тилкелери боюнча маселени иликтей турган мекеме аралык топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Анын курамына прокуратуранын, атайын кызматтын, милициянын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү кирди.

Мекеме аралык топ элден түшкөн арыздар боюнча жеринде териштирүү жүргүзүп, коррупцияга каршы күрөшөт, козголуп, бирок жабылып же кыскартылып кеткен кылмыш иштерин да териштирет.

Буга чейин Оштогу Ак-Буура суусунун жээгинде жана тилкелерде жер талаш чыгып, тургундардын ортосунда түрдүү нааразылыктар болгон. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG