Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:54

Архарова: Жогорку соттун судьяларын жазага тартуу боюнча өтүнүч келе элек


Жогорку соттун имараты. Бишкек шаары.
Жогорку соттун имараты. Бишкек шаары.

Башкы прокуратура Жогорку соттун судьяларын жазага тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына өтүнүч жибере элек. Бул тууралуу тартип комиссиясынын төрайымы Кымбат Архарова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, судьялар боюнча кандай чечим кабыл алынары азырынча белгисиз.

Эрежеге ылайык, судьяларды жоопко тартыш үчүн прокурор Соттордун тартип комиссиясына өтүнүч жиберүүгө тийиш. Тартип комиссиясы уруксат берсе, козголгон кылмыш иш боюнча судьяларды жоопко тартууга жол берилет.

Башкы прокуратура 2-июлда көзү азиз активист Темирлан Ормуков тергөө абагына камалган учурда "анын арызы убагында каралган эмес, эркиндикке болгон конституциялык укугу бузулган" деген айыптын негизинде Жогорку соттун үч судьясына жана Бишкектин №1 тергөө абагынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Шалаакылык”, “Адамды мыйзамсыз кармоо” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Ормуков судьяларга карата арыз жазбаганын билдирип, муну Башкы прокуратуранын өз күнөөсүн жабуу аракети катары баалап жатат. Ишти азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергөөдө.

XS
SM
MD
LG