Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Жогорку соттун үч судьясына иш ачылды


Жогорку сот.
Жогорку сот.

Башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясы баш болгон бир катар адамдарга кылмыш ишин козгоду. Алар "азиз активист Темирлан Ормуков тергөө абагына камалган учурда арызын убагында карабай, эркиндикке болгон конституциялык укугун бузган" деп айыпталууда. Бирок активист өзү ал судьяларга карата арыз жазбаганын билдирип, муну Башкы прокуратуранын өз күнөөсүн жабуу аракети катары баалады.

Башкы прокуратура Жогорку соттун үч судьясына кылмыш иши козголгонун 2-июлда жарыялады.

Көзөмөл органы тараткан маалыматта башкы соттун үч судьясы менен катар бул соттук органдын аппаратынын, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Шалаакылык", "Адамды мыйзамсыз кармоо" беренелери менен иш козголгону айтылган.

Прокуратуранын өкүлү Жаркынай Азиеванын "Азаттыкка" билдиришинче, алар "адамды камакта мыйзамсыз кармап туруу менен конституциялык укугун бузган" деп айыпталууда:

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

- О.Т. аттуу жаранга козголгон кылмыш ишинин алкагында анын бөгөт чарасы катары тышкы чыкпоо тууралуу тилкат берүү аныкталган. 2017-жылдын 25-августунда райондук сотто ишти кароодо О.Т. жыйынга келбегени үчүн аны бир айга камакка алуу жөнүндө чечимге өзгөртүлгөн. Бул токтомду экинчи баскычтагы сот да күчүндө калтырган. О.Т. соттун бул чечимдеринин үстүнөн көзөмөл иретинде Жогорку сотко арызданган. Арыз 6-апрелде Жогорку соттун кароосуна келип түшкөн, бирок мыйзамда көрсөтүлгөн он беш күндүн ичинде каралган эмес. Өз кезегинде №1 тергөө абагынан кызматкерлери өз ыйгарым укуктарын аткарбай, О.Тны 12 күн камакта мыйзамсыз кармашкан. Ал эми Жогорку сотто көзөмөл арыз 2018-жылдын 14-майында О.Т. камактан чыккан соң гана кармалган. Ошол аркылуу аталган кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракетинен улам жарандын эркиндикке болгон конституциялык укугу бузулган.

Учурда бул ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат.

Бул маалымат коомчулукка жарыяланган соң Башкы прокуратура айтып жаткан жаран көзү азиз активист Темирлан Ормуков экени белгилүү болду. Мындай маалыматты Ормуков "Азаттыкка" өзү да ырастады. Бирок Темирлан Ормуков Жогорку соттун судьяларына карата буга чейин арыз жазбаганын, өз эркиндигинин чектелеши боюнча башка адамдарга дооматы бар экенин билдирди:

Темирлан Ормуков.
Темирлан Ормуков.

- Бул менин ишим. Бирок мен бул боюнча үч судьяга тергөө абагынан доомат койгон эмесмин. Себеби, бул жерде Башкы прокуратура өзүнүн күнөөсүн жаба албай жатат. Ошондой эле биринчи болуп райондук соттун судьясы Афчи Алиевдин үстүнөн кылмыш иши козголушу керек эле. Мага буга чейин Башкы прокуратуранын тергөөчүсү чалып: "Арыз жазасызбы?" деди, мен жазуудан баш тарткам. "Тергөө абагында мыйзамсыз отуруп калган" дегенде мени ал жакка ким киргизди? Мени Жогорку соттун судьялары киргизген жок. Райондук соттун мыйзамсыз чечими менен мени камашкан. Мен Жогорку соттун судьяларын коргогон жокмун. Менин калыстык сөзүм ушундай.

Темирлан Ормуков анын ишин прокуратура өз кызыкчылыгына колдонушу мүмкүн экенин четке какпайт:

- Менин оюмча, Жогорку сотто кимдир бирөөгө орун керек болушу да мүмкүн. Себеби ал жактагы судьялар капталын жеген, тажрыйбалуу адамдар. Ошон үчүн ага бир себеп керек болду. Менин акыбалым жана ишим ушуга туура келип калышы мүмкүн.

Ормуков кошумчалагандай, аны камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч арызын Жогорку сотто Качыке Эсенканов, Каныбек Бокоев жана Арзыбек Акыев баштаган соттук коллегия караган эле. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон судьялар аталган адамдар болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

Башкы прокуратура жана Жогорку сот кылмыш иши кимдерге козголгону боюнча так маалыматты ачык жарыялай элек.

Кыргызстанда буга чейин Жогорку соттун иштеп жаткан бир нече судьясына бирдей кылмыш иши козголгон учур каттала элек болчу. Ошондуктан акыркы козголгон иш коомчулуктун көңүлүн бурду.

Бул өз кезегинде президент Сооронбай Жээнбековдун сот реформасын ишке ашыруу жана судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча убадасын аткаруу аракети жөнүндөгү суроолорду да жаратууда.

Жарандык активист Рита Карасартова бул окуяны прецедент катары сыпаттап, ал башка сотторго сабак болот деген пикирде:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Негизи бул жакшы прецедент болду. Себеби, мындан кийин судьялар процессуалдык нормаларды абдан жакшы кармаганга аракет кылышат. Бул абдан маанилүү. Айрымдар: "Үтүр-чекитке чейин киришүүнүн эмне кереги бар?" деши мүмкүн. Биз ар бир процессуалдык маселени тактап, көзөмөлдөп турсак абдан маанилүү.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова козголгон кылмыш ишинин бардык жагдайлары так иликтениши керек деп эсептейт. Ал Жогорку соттун судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартыш үчүн Соттор кеңешинин тартип комиссиясы макулдук бериши керек экенин билдирди:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Прокурор соттордун тартип комиссиясына өтүнүч жиберет. Тартип комиссиясы уруксат берсе, козголгон кылмыш иш боюнча жоопко тартууга жол берилет. Андан болбосо соттор өз ишин улантышы мүмкүн. Жогорку соттун судьялары өмүрүнүн аягына чейин бул кызматка бекиген.

Ал эми соттордун тартип комиссиясынын төрайымы Кымбат Архарованын маалыматына караганда, азырынча Башкы прокуратурадан Жогорку соттун судьяларын жазага тартуу боюнча өтүнүч келе элек. Ошондой эле Архарова кандай чечим кабыл алынары белгисиз экенин кошумчалады.

Жогорку соттун судьяларына кылмыш ишин козгоого себепкер болгон азиз активист Темирлан Ормуков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаган ырына байланышуу айыпталган. Ага каршы милицияга Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев арыз жазган. Бишкектин Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, №1 тергөө абагына камаган. Ал быйыл 11-майда гана абактан бошотулган. Учурда Ормуковго тагылган айып боюнча тергөө уланып жатат.

"Азаттыктын" архиви: Соттор канткенде эркин болот?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG