Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 22:28

Кытай импортуна карата АКШнын салыгы күчүнө кирүүдө


Президент Дональд Трамп кытай өндүрүшүндөгү товарлар топтомуна бажы тарифтерин көтөрүүгө көрсөтмө берген документке кол койгон учур. 22-март, 2018-жыл.

6-июлдан тартып Кошмо Штаттардын Кытай товарларына импорт салыгын киргизген чечими күчүнө кирүүдө. Бул тууралуу бейшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп билдирген.

25% салык айыл чарбасынан баштап учак тетиктерине чейинки 34 млрд. долларлык товарларга салынат. Эгер Кытай жооп катары чара көрө турган болсо, бул сумма эки жумадан кийин 50 млрд. долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Трамп өз чечимин америкалык товарлар үчүн Бээжин өз базарын ачпай жатканы жана америкалык компанияларды коргоо зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.

Кытай тез арада кескин жооп берерин билдирген. 34 млрд. доллар - Кытай жыл сайын АКШга экспорттогон товардын бир пайыздан азыраак бөлүгү.

XS
SM
MD
LG