Иш-чараны «ISEDA» коомдук фонду уюштуруп жатат. Фонддун билдирүүсүндө, өнөктүк киши сатууну токтотууга багытталган.
Бүгүн Ош шаарында фонддун өкүлдөрү өнөктүк тууралуу маалымат беришет. Ошондой эле юристтер кулчулукка кабылуу коркунучун азайтуу боюнча кеп-кеңештерин айтышат.
Миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы 175 адам кулчулуктан куткарылган.
Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча, кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт. (NT)