Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Хельсинки комитети өз иликтөөсүнө байланыштуу Кыргызстанга кайрылды


“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова.
“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова.

Хельсинки комитети Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кат жиберди. Анда комитет Бишкектин Октябрь райондук соту Норвегиялык Хельсинки комитетинин, “Мемориал” (ADC "Memorial") дискриминацияга каршы борборунун, “Фридом Хаус” ("Freedom House"), “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо уюмдарынын отчетторун "экстремисттик материал" деп тапканына тынчсыздануу билдирген.

Катта адам укуктары тууралуу мындай иликтөөлөргө тыюу салуу Кыргызстанда "кооптуу прецедент жаратышы мүмкүн" деп айтылат. Ошондой эле соттун чечими былтыр чыкканына карабай, ал уюмдардын бири да бул жөнүндө кабардар болбогону, быйыл капыстан билинип калганы белгиленген.

Комитет тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди отчетторду тизмеден чыгарууга, “Мемориал” дискриминацияга каршы борборун, укук коргоочу Виталий Пономаревдун Кыргызстанга киришине тыюу салуу тууралуу чечимди жокко чыгарууга, “Бир дүйнө - Кыргызстандын” ишине карата чектөөлөрдү алууга көмөктөшүүгө чакырган.

Аталган уюмдар даярдаган эки отчет 2017-жылы 5-январда Октябрь райондук сотунун чечими менен экстремисттик материалдардын катарына кошулганын “Бир дүйнө - Кыргызстан” өткөн аптада билдирген. Отчеттордун бири 2010-жылдагы Ош окуясына, экинчиси мигранттардын укуктарына багытталган.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" райондук соттун чечимине каршы апелляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. 5-июлда шаардык сот “доо арыз убагында берилген эмес” деген негизде аны канааттандыруудан баш тарткан.

Кыргызстандын укук коргоо органдары тартип сактоо уюмдарынын докладдары кандай шартта "экстремисттик материал" деп табылганы тууралуу комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG