Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Уюмдун баяндамасы "экстремисттик" деп табылды


“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова
“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова

Эки отчетту экстремисттик материал деп тапкан соттун чечимине “Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму нааразылыгын билдирүүдө.

2017-жылы 5-январда "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун эки отчету Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен экстремисттик материалдардын катарына кошулган. Бирок уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, алар сотко чакырылган эмес жана чечим аларды катыштырбастан кабыл алынган.

"Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын айтымында, уюмдун отчетторунун экстремисттик деп табылганын анын өкүлдөрү мониторинг жүргүзүп жатып Юстиция министрлигинин сайтынан капыстан билип калышкан.

- “Кандай экстремисттик материалдар болду?” деп изилдеп жатып карасак "Мемориал", "Freedom House", норвегиялык Хельсинки комитетинин эки отчету "экстремисттик" деп табылганын көрдүк. Биз аны билген эмеспиз, аны мартта таап изилдедик. Юстиция министрлигине, Башкы прокуратурага жаздык. Азыр бизге прокуратура жооп бере элек. Бул жерде мыйзам бузулган.

Уюм Октябрь райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок 5-июлда шаардык сот "даттануу убагында берилген эмес" деген негизде аны канааттандыруудан баш тарткан. "Бир дүйнө - Кыргызстан" апелляциянын өз убагында берилбегенине жүйөлүү себеп бар экенин айтып, Бишкек шаардык сотунун доо арызды канааттандырбай койгонун "мыйзам бузуу" катары баалап жатат. Учурда уюм бул боюнча Жогорку сотко кайрылганы турат.

- Азыр биз коомчулукка айтып, шериктештер менен бирге мыйзамдуулукка жеткибиз келет. Мындай мыйзамсыз иштерди улантпашыбыз керек. Мыйзам баарына бирдей иштеши керек, - деди Төлөкан Исмаилова.

Дале: ЕККУ Кыргызстанга керек

Дале: ЕККУ Кыргызстанга керек

Тышкы иштер министрлиги ЕККУга уюмдун Бишкектеги борборунун макамын өзгөртүү жараянын баштоону маалымдаганы боюнча “Азаттык” менен укук коргоочу, Норвегия Хельсинки комитетинин улук кеңешчиси Ивар Дале (Ivar Dale) ой бөлүштү.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” муну уюмдун укук коргоо жаатындагы ишмердүүлүгүнө күч органдарынын бут тосушу катары баалап жатат. Кыргызстандын укук коргоо органдары уюмдун докладдары кандай шартта экстремисттик материал деп табылганы боюнча түшүндүрмө бере элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми Башкы прокуратура кийин маалымат берилерин билдирди.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун колундагы Октябрь райондук сотунун чечиминде сөз болуп жаткан отчеттордо экстремизмге, топтордун араздашуусуна себеп болуучу белгилер бар экени жазылган.

Укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, “экстремисттик” деп табылган отчеттордун биринде Орусияда, Казакстанда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын оор турмушу жөнүндө айтылат. Анда аялдардын, ташталган балдардын укуктары корголбой жатканы, эки өлкө тең Миграция боюнча эл аралык конвенцияны сактабай жатканы баяндалган.

“Экстремисттик материал” деп табылган экинчи отчет Ош коогалаңы тууралуу болгон. Аны норвегиялык Хельсинки комитети, "Мемориал", "Freedom House" укук коргоо уюмдары 2010-жылы даярдашкан. “Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму болсо ошол отчеттун талкуусуна катышкан. Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын айтымында, эки отчетто тең кыргыз бийлигине сунуштар берилген, аларды талкуулаган жыйындарга өкмөт өкүлдөрү да катышып отурган.

Жарандык активист Адил Турдукулов мындай көрүнүштөр эл аралык коомчулукта Кыргызстандагы сот жана күч органдарынын кесипкөйлүгүнө көлөкө түшүрөт деп эсептейт:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Бул иштин өзгөчөлүгү - отчетту “Бир дүйнө – Кыргызстан” Орусиядагы “чет элдик агент” деп табылган "Мемориал” менен чогуу жазган. Балким, демилге УКМКдан эмес, Орусиядан келген саясатпы деген ой келет. Бул жерде күч органдарынын сабатсыздыгы болуп жатат. Уюм эмес, отчет экстремисттик деп табылганына түшүнбөйсүң.

Кыргызстанда адабияттарды, фото-видео же ар кандай докладдар менен отчетторду экстремисттик деп табыш үчүн Илимдер академиясынын же башка тийиштүү органдын корутундусу менен сотко Башкы прокуратура жана УКМК кайрыла алат. Сот бул органдардын өтүнүчүн канааттандырган учурда ал материалдарды өлкөдө жайылтууга жана колдонууга тыюу салынат. Юрист Кайрат Осмоналиевдин айтымында, материалды даярдаган тараптын да жоопкерчилиги каралат:

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

- Экспертизанын корутундусу менен тастыкталат. Эгерде ошондой деп табылса, авторлору жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Кылмыш-жаза кодекси боюнча ошол уюм же аны жарыялаган адамдар жоопкерчиликке тартылат.

Учурда Юстиция министрлигинин расмий сайтында сот “экстремисттик” деп тапкан 22 материалдын тизмеси турат. Алардын арасында "Бир дүйнө - Кыргызстанга" таандык экени жазылган эки отчеттон тышкары Бүбү Мариям Муса кызы авторлук кылган “Айкөл Манас” китеби, “Мен кумсамын жана мусулманмын” тасмасы, жабылып калган “Сентябрь” телеканалынан кеткен Абдылда Капаровдун маеги жана бир топ диний адабияттар, интернет-сайттар, социалдык тармактагы аккаунттар бар.

"Укук коргоочуларга бийликтин кысымы күчөдү"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00
Түз линк

Алматыдагы “Эл аралык укуктук демилгелер” борборунун жетекчиси Аина Шорманбаеванын белгилешинче, укук коргоочулар коомдогу көйгөйлүү маселени көтөрүп, аны иликтеп, чечүүнүн жолдорун сунуш кылат. Тилекке каршы соңку кезде активисттер ар кандай бут тосууларга кабылып, өз ишмердигин чектөөгө мажбур болуп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG