Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Исмаилова: Жогорку Кеңеш күчүн көрсөтүшү керек


Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова

Акыркы убактарда Кыргызстандагы саясий окуялардын, камакка алуулардын укуктук жагы тынчсызданууну жаратат. Ушундай пикирин айткан "Бир Дүйнө -Кыргызстан" укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова чыңалуу тереңдеп кете элегинде абалды жөнгө салууга чакырат.

"Азаттык": Ушул тапта Кыргызстанда бийлик-оппозиция, бийлик-жарандык коом, укук коргоочулар ортосунда мамиле чыңалгандай көрүнөт. Сиз буга кошуласызбы? Эгер кошулсаңыз кризис кайсы мисалдардан көрүнүүдө?

Исмаилова: Бул жерде укук коргоочулар-бийлик, оппозиция-бийлик эмес, акыйкат-мыйзамдуулуктун кризиси болуп атат. Анткени кыргызстандыктар канча жылдан бери эркиндик, мыйзамдуулук үчүн күрөшүп келгенбиз. Бул күрөшкө көнгөнбүз. Эл дале мырза президент Атамбаевге ишенип, үмүт артып атат. Балким каталар болгондур, балким мыйзам иштеп кетеби деген дилемма болуп атат. Эки революциядан кийин биз ишенип, шайлаган президент бүгүн улуттук диалог жасаш керек. Жаман-жакшы деп эч кимди бөлбөшү зарыл. Оппозициядагы саясатчы мырза Текебаевди саясий туткун катары үй камагына чыгарышы керек. Мыйзамды жамынып алып, Башкы прокуратура, ошол эле реформа жасалбаган УКМК элге каршы болуп атат.

"Азаттык": Сиз айткан ошол мыйзамдык кризис Текебаевдин камалышына гана байланыштуубу? Же башка да мисалдарыңыз барбы?

Исмаилова: Акыркы мезгилде, 2016-жылдын майында кармалган “Элдик парламент” уюмунун мүчөлөрү да саясий туткундар. Биз ошондо алардын жыйынына катышып, мониторинг кылып чогуу болгонбуз. Аларды бошотуш керек. Анткени ал залдын ичинде эч кандай төңкөрүш кылам деген сөз чыккан эмес. Бир дагы мыйзам алар үчүн иштебей, алар кыйналып, психологиялык жабыр тартып атышат.

"Азаттык": Бирок бийлик мыйзамдуу кармадык, кылмыш учурунда же кылмышы кийин билинип кармалды деп атпайбы. А сиз "саясий туткун", "кыйноо көрдү" дейсиз. Минтип айтыш үчүн конкреттүү мисалдар керек да?..

Исмаилова: Бул жөн гана сөз эмес. Биз, укук коргоочулар нейтралдуу адам катары биринчи күндөн баштап эле байкоо салып атабыз. Бизде душман да, дос да жок. Принципке таянабыз. Мисал келтирейин, адегенде эч кандай сот боло электе эле президенттик кеңсе же президент өзү бирөөлөрдү “кылмышкер”, “мародер” деп сотсуз эле тагдырды чечип атат. Ошол эле “Элдик парламенттегилерди” да сот боло электе эле төңкөрүш жасаганы атат деп айтышкан.

"Азаттык": Түшүндүм. Эми азыркы чыңалууну чечиш үчүн баары бир тараптар мыйзам, укуктук алкакта чечимге, балким мунасага келиши керек да. Анүчүн кандай кадамдар керек деп ойлойсуз?

Исмаилова: Президент акыйкат система курам деп айтып келет. Биз кубаттайбыз аны. Бирок, ал деген акыйкат диалог болушу керек. Эч кимди кемсинтпей, эл алдында сотсуз ат койбой, тегерек стол болушу зарыл. Кыргызстан кайда баратат, эмне кылабыз деген аракеттер керек. Биздин салт боюнча мурдатан мындай маселени аксакалдар чечип келишкен. Ошол салтты бүгүн мыйзам ченемине ылайык, парламент башташы керек адегенде.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Анткени парламентаризм деп 87 бала бир күндө өлгөн. Ошон үчүн парламент күчүн көрсөтүп, андагы көпчүлүк коалиция демилге менен чыгышы зарыл. Ошондо тең укуктуу кылып өкмөттү дагы, президентти дагы, башка кишилерди дагы парламентке чакырып, улуттук диалог жүргүзүү керек. Керек болсо жабык талкуулашсын. Анткени ал жерде ар кандай топтор, саясий күчтөр отурат. Ошол парламенттин механизми, көзөмөлү аркылуу баарын чогултуп, кепке келүү абзел болуп турат. Президент парламент мага жакпайт, таратыш керек деп атат. Парламентаризм болсун, бир киши гана тагдырыбызды чечпесин деп эчактан бери күрөшүп келгенбиз. Ошон үчүн парламент биринчи, экинчи кадам кайсылар болот деп пландап, бирөөнү жамандабай, Кыргызстандын тагдырын ойлошу шарт. Жалгыз адам Кыргызстандын тагдырын чече албайт. Башкы прокуратура менен УКМК үстөмдүгү аябай коркунучтуу. Өткөн эки революциядан сабак албасак болбойт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG