Таиландда куткаруучулар 9-июлда төрт өспүрүмдү үңкүрдөн алып чыгышты.
23-июнда Чианг Рай провинциясында жергиликтүү футбол клубунда ойногон 11-16 жаштагы 12 өспүрүм жана алардын машыктыруучусу үңкүргө кирген бойдон дайынсыз жоголгон.
Буга чейин жалпысынан сегиз бала куткарылган. Азыр машыктыруучуну кошкондо дагы беш киши үңкүрдө калды.
Алар ушул тапта үңкүрдүн оозунан үч чакырым ичкери жердеги коңулда турушат. Куткаруу иштерине нөшөрлөп жааган жаандан улам үңкүрдөгү жолдорго суу толуп калганы кыйынчылык жаратууда.