“Кыргызстандагы жаштардын радикалдашуусу: алардын терс долбоорлорго азгырылышынын себептери” деген талкууну “Евразиялыктар – жаңы толкун” коомдук фонду жана эл аралык “Альфа” атайын бөлүгүнүн ардагерлер ассоциациясы уюштурууда.
Ага Кыргызстандагы аналитик-изилдөөчүлөр, саясат жана дин таануучулар, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жаштар бирикмелеринин лидерлери чакырылган.
Талкууда Кыргызстанда жаштардын ар кандай диний радикал агымдарга кирип жатышынын себептери, анын алдын алуу жолдору ортого салынып, сунуштар айтылат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) акыркы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон.
Буга чейинки маалыматтарда Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар 600дөн ашканы, согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгону айтылган.
Буга чейин күч органдары Сириядагы согушка катышкан жыйырмадай киши кайтып келгенин жарыялаган. Бирок аларга карата кандай чара көрүлгөнү жарыялана элек. (NT)