Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

Ош мэрлигине талапкер шаарды өнүктүрүү программасын сунуш кылды


Таалайбек Сарыбашев.
Таалайбек Сарыбашев.

Ош шаарынын мэрлигине көрсөтүлгөн Таалайбек Сарыбашев бүгүн атайын бекитилген тил комиссиясында мамлекеттик тилден сынак тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы кабарлады.

Сарыбашев биринчи талап катары калааны өнүктүрүү боюнча өз платформасын кыргыз тилинде кагазга түшүрүп, оозеки тааныштырды. Анда ал Ош шаарында экономиканы өнүктүрүү, инвесторлорго шарт түзүү, коррупцияны тыюу боюнча иш мерчемдери бар экенин жарыялады. Ошондой эле коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу боюнча да убадаларды берди. Талапкер мындан сырткары көмүскөдө калып жаткан салыктарды чогултууну жандантып, калаанын бюджетин көбөйтүү жөнүндө ойлору менен бөлүштү.

Экинчи талап катары Таалайбек Сарыбашев Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынан көркөм окуп берди. Сынактын жыйынтыгы менен Сарыбашев "кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билет" деген баа алды.

Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевди Ош шаарынын мэрлигине 9-июлда сунуш кылган. Анын алдында, 3-июлда Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу ишин тапшырып берген.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлга белгиленген. Шайлоо күнү мэрликке талапкер платформасы менен кененирээк тааныштырат. (ErN)

XS
SM
MD
LG