Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Оштун мэри кызматын которду


Айтмамат Кадырбаев экинчи жолу мэрликке шайланган учур. 25-май, 2016-жыл.
Айтмамат Кадырбаев экинчи жолу мэрликке шайланган учур. 25-май, 2016-жыл.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кызматын тапшырды.

Бүгүн өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төраганын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Айтмамат Кадырбаев 2014-жылдын 15-январынан бери Ош шаарын башкарып келет. Анда ал 25 депутаттын добушун алып мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду утуп чыккан.

2016-жылы 25-майда ал Оштун мэрлигине экинчи жолу шайланган. Айтмамат Кадырбаев анда буга чейинки иштерин улантып, алдыдагы төрт жылда аткара турган негизги иштери менен бөлүшкөн:

- Жакында жаңы программа иштеп чыгып, коомчулук талкуусуна коебуз. Башкы аракет катары Ош шаарын айланып өтчү чоң айлампа жол курууну пландап жатабыз. Буюрса муну сөзсүз бүткөрөбүз. Мындан сырткары шаардын ички жолдорун оңдоону да улантабыз. Шаарда эл көбөйүп баратат, ошого байланыштуу калкты турак жай, жер участкалары менен камсыз кылуу маселелерин жандантабыз. Ош шаар эми чаржайыт эмес, бийикти карай өсөт.

Айтмамат Кадырбаевдин 2010-жылы Ош облакимчилигин басып алуу учуру.
Айтмамат Кадырбаевдин 2010-жылы Ош облакимчилигин басып алуу учуру.

Айтмамат Кадырбаевге 2010-жылы Ош облустук администрациясын басып алууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, мамлекеттик төңкөрүш жана массалык башаламандык уюштурган деп айып тагылганы айтылган. Кийинчерээк Ош шаардык соту аны бир жылга эркинен ажыратканы да ачыкка чыккан.

Кадырбаев журналисттер менен маектешип жатып бул маалыматтарды ырастап, бирок кийин акталып чыкканын билдирген:

- Бул маселе эки жарым жыл мурда, мен биринчи жолу мэрликке шайланганда да көтөрүлгөн. Албетте, соттолгон адам мамлекеттик кызматта иштебеши керек. 2010-жылы мага кылмыш иши козголгон, мен толугу менен облусттук сотто дагы, Жогорку сотто да акталгам. Ошондуктан бул маселе мага тийиштүү эмес.

Бирок Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамга ылайык, кылмыш иши козголуп, акталган адамдар мэрликке дайындалбашы керек экенин адистер шайлоо алдында эскертишкен эле. Жогорку Кеңештин депутаты, юрист Алмамбет Шыкмаматов буга чейин “Азаттыкка” мындай деген:

- Мурда соттолуп, бирок айыппул менен чыккан адамдарды “соттолгондугу жоюлган" деп жатышпайбы. Бирок аны коомдун алдында баары бир кынтыксыз, моралдык таза адам деп айтууга кыйын да. Ошондуктан "эгер жаран соттолуп же соттолгондугу жоюлган болсо да президенттикке, парламенттин депутаттыгына, судьялыкка жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине кызматка келбеши керек" деген мыйзам бар. Аны эл өкүлдөрү кабыл алып, президент кол койгон, ал мыйзам күчүндө. Негизги стратегиялык калаа деп "Борбор шаардын статусу жөнүндөгү" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндөгү" мыйзамдарга да ошондой норма кирген. Ошондуктан мэрликке көрсөтүлгөн адам үлгү катары эч кандай кылмыш иштерине аралашпаган, өзгөчө мамлекеттик түзүлүшкө каршы турбаган адам болушу шарт. Анткени ага коомчулуктун акаараты болбошу керек, “өзүң да ушундай кылмышкерсиң” дебегидей таза киши болушу керек.

Айтмамат Кадырбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен.
Айтмамат Кадырбаев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен.

Ал эми Апрель окуяларынын катышуучусу, серепчи Төлөгөн Келдибаев Кадырбаевдин экинчи жолу мэрликке шайланышына "КСДПнын өзүн өзү маскаралоосу" деп баа берген:

- Революциядан кийин убактылуу өкмөт Ошто өзүнүн бийлигин орното албай, элди толук башкара албай алсыз абалда болчу. Ошондон пайдаланып 2010-жылы 13-майда Айтмамат Кадырбаев менен Мамасадык Бакиров баштаган топ, уюшкан кылмыштуу топтун жардамы менен Ош облустук акимчилигин басып алган. Алар Оштогу башкы КСДПчы, ошол кездеги убактылуу өкмөттүн өкүлү Сооронбай Жээнбековду командасы менен кууп чыккан. Облустук бийлик имаратын ээлеп алгандар ал тургай Айтмамат Кадырбаевди "элдик губернатор" деп да жарыялап жиберишкен. Кийин “Ата Мекен”, КСДП партияларынын өкүлдөрү кайра бийликти араң алышкан. Эми өздөрүнө контрреволюция кылган Кадырбаевди КСДП кайра өзүнө башчылыкка сунуш кылып жатканына сөз жок.

Былтыр президенттик шайлоо алдында Айтмамат Кадырбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго ичик жаап жаткан видео Интернетке тараган.

Социалдык тармактарда бийлик сүрөп жаткан талапкерге мамлекеттик кызматкердин тон жаап, сый көрсөтүп жатканы катуу сынга алынган. Бирок окуянын этикалык жагына эч кайсы орган баа берген эмес.

Бирок Айтмамат Кадырбаев президенттикке талапкерге эч кандай кийит кийгизбегенин айткан болчу.

Ошко эми ким мэр болот?

Калаа жетекчисин Ош шаардык кеңешинин депутаттары шайлайт. Мэрди шайлоо күнү белгилене элек.

Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Канатбек уулунун "Азаттыкка" кабарлаганы боюнча мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев дайындалды.

Таалайбек Сарыбашев, Тилек Матраимов жана Жапар Ормонов.
Таалайбек Сарыбашев, Тилек Матраимов жана Жапар Ормонов.

Бул арада "Ош шаарынын мэри ким болот?" деген суроо коомчулукта кызуу талкууланууда.

"Азаттыктын" өкмөттөгү ишенимдүү булактарынын айтымында, бошогон шаар жетекчисинин ордуна реалдуу үч кишинин талапкерлиги талкууланып жатат. Алар Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев жана Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов.

Ош шаарынын тургуну, жарандык активист Айбек Таалайбек уулу шаарга кандай киши мэр болушу керек экенин айтты:

Айбек Таалайбек уулу.
Айбек Таалайбек уулу.

- "Мэр болот" деп айтылып жаткан бул үч кишини тең мен мэр катары көрө албайм. Бул үчөөнө керек болсо бүгүнкү ээлеп турган кызматтары да ашыкча. Эгер "Ош шаарына ким мэр болушу керек" десеңер анда мен бир эле нерсени айта алам. Ал эч кандай коррупцияга малынбаган, чарбачыл, чечкиндүү жана иш билги болушу керек. Кары болсун, жаш болсун, реформатор болсо болду. Жаңы мэр Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутатка көз каранды болбогон, мүмкүн болсо эл тарабынан көрсөтүлгөн киши болушу керек. Себеби, калаанын башчысы 45 депутатка “тендерден сен утасың, мектепти сен оңдойсуң” деп соодалашып, аларга көз каранды болуп калат экен. Карапайым элге мэр суусун камсыздап, жарыгын өчүрбөй, таштандысын көбөйтпөй, жолун оңдоп турса эле болду.

Айтмамат Кадырбаевдин мэрлик кызматтагы башкы жетишкендиги эстакада көпүрөсүн курганы жана андан ашкан акчага дагы бир көпүрө салганы болуп калды. Шаардагы автобекетти калаа сыртына көчүргөнүнө, эс алуу бактарын иретке келтиргенине да жакшы баа берилген.

Андан бери Кадырбаев жакындарына байланыштуу терс иштери менен да таанылды. 2015-жылы анын жубайы Чолпонай Исмаилова Ош шаарындагы жалгыз соттук-медициналык экспертиза борборунун имаратын менчиктештирип алганы ачыкка чыкса, 2016-жылы бир тууган эжеси Заркөкүл Кадырбаева автоунаасынын терезелерин уруксатсыз караңгылатып айдап жүргөнү үчүн токтотулуп, бирок жол кайгуулчулар түзгөн протоколго баш бербей койгону жарыяланган.

Ушул эле жылы мэр өзүнүн классташы Орозгүл Бектанованы Оштогу “Байчечекей” бакчасынын директорлугуна алып келип, колдоп жүргөнү белгилүү болгон.

Кадырбаев мэрликке чейин Ош облусунун губернаторунун орун басары, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

“Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, жаңы келген шаардык кеңеш жаңы мэр шайлашы керек. Депутаттардын да, мэрдин да иш мөөнөтү төрт жыл. Айтмамат Кадырбаев жобо боюнча 2020-жылга чейин мэрликти аркаламак.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG