Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:15

Ош мэри шоопурунун айыбын мойнуна алды


Ош шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин кызматтык унаасы.
Ош шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин кызматтык унаасы.

Ош шаарынын башчысы жол эрежесин бузган шоопурунун айыбын акыры мойнуна алды. Ош шаардык жол кайгуул кызматы шаар башчынын шопурун айыпка жыгалбай эки күндөн бери буйдалып жаткан эле.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин кызматтык унаасы светофордо кызыл жанып турганын кенебей өтүп бараткан видео интернетке тараган эле. Ал видео коомчулукта кызуу талкууга алынып, интернет колдонуучулар шаар бийлигинин дарегине ачуу сындарды жазышкан. Алардын бири, Ош шаарынын тургуну Абжапар Акулов шаар башчы жүрүм-туруму менен коомго тескери идеология таратып жатат деген ойдо.

- Ар бир жетекчи өзүнүн жүрүм-түрүмү, тазалыгы менен кол алдындагы кызматкерлерге үлгү гана болбостон, тарбия да берет. Жетекчи таза болсо кол алдындагы кызматкерлер дагы таза болот. Кызматкерлердин тазалыгы, жоопкерчилиги бүт элге тарайт да. Биринчи адамдардын жүрүм-туруму ушундай болуп жатса, жөнөкөй жарандар карап турабы? Шаар башчыны ташыган машина жол эрежесин бузганы өтө жугуштуу, зыяндуу көрүнүш.

Бул чууга байланыштуу шаар башчысы алгачкы билдирүүсүндө эреже бузган жолтандабас өзүн ташып жүргөн унаа эместигин айткан. Эгерде айдоочусунун тентектиги ашкереленсе ага мэр катары жооптуу эместигин да кошумчалаган. Бирок бүгүн Ош шаарынын башчысы жол эрежесин бузган шоопурунун айыбын акыры мойнуна алганын мэриянын маалымат катчысы Гүлжамал Жороева ырастады.

- Мен интернетке чыккан сүрөттөрдү да, видеону да алып кирип бердим. Мэр аны көрдү. Мэр өзү дагы жазалагыла деп айтты. Мен азыр МАИ кызматынын башчысына да чалам.

Бул билдирүүгө чейин Ош шаардык жол кайгуул кызматы тентек жолтандабасты табалбай үч күн убара чегишти. Качан гана Ош мэриясы жол эрежесин кенебеген машине шаар башчынын кызматтык унаасы экенин ырастап, айдоочуну айыпка тартууга макулдугун бергенден кийин гана мэрдин шопуруна айыппул жазылды. Ош шаардык жол кайгуул кызматынын өкүлү Чолпон Арстанбеков:

- Жол кайгуул кызматкерлери тарабынан ошол 0001 ZA мамлекеттик номурлуу машине кармалды. Айдоочусунун айдоочулук күбөлүгү алынды. Ага кызылда өтүп кеткени үчүн миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.

Ушундан кийин гана мэрдин айдоочусу Дамирбек Маткасымов тарабынан ката жазылган тил каттын сүрөтү интернетке тарады.

Ош мэриясына кытай элчилиги белек кылган Lend Cruiser 200 үлгүсүндөгү ак түстүү жолтандабаска 0001 ZA деген мамлекеттик номур тагылган. Бул жолтандабас учурда Ош шаарындагы эң таанымал машине.

Мындан бир нече ай мурдарак шаар башчы Айтмамат Кадырбаевдин бир тууган эжеси да жол кайгуул кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей, тескерисинче тартип сакчыларын коркуткан видеосу тараган эле. Эжесинин видеосу эми эле унутулуп баратканда мэрдин өзүн ташыган унаа кезектеги видеого каарман болуп отурат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG