Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Ош: ачылбаган көпүрө шаардыктарды кыйнады


Ошто курулганына беш жыл болгон көпүрө колдонууга бериле элек. Мунун айынан Ак-Буура конушунун тургундары эки чакырым жолду айланып өтүүгө аргасыз.

Мындай кырдаалга Оштун Ак-Тилек айылынын жашоочулары көпүрөнү ачууга уруксат бербегени себеп болгон. Аларды Ош шаардык мэриясы да, Кара-Суу райондук акимиаты да ийге келтире албай жатат.

Уулкан Сулайманова беш жылдан бери ачылбай турган көпүрөнүн жанында жашайт. Ал белен көпүрөдөн өтө албай 200 метрлик жолду басып жатканына даттанды.

- Көпүрө ачылбай жүдөп бүттүк. Жолдон өтүп баратсаң Ак-Тилектин 11-көчөсүнүн аялдары жаман көрүп, сүйлөнүшөт.

Көпүрө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасы менен Кара-Суу районунун Ак-Буура конушун бөлүп турган каналда жайгашкан. Аны 2013-жылы Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтү курдурган. Курулушка мамлекеттик казынадан 2,5 миллион сом жумшалган. Бирок көпүрөдөн өткөнгө Ак-Тилек шаарчасынын тургундары уруксат бербей жүрүшөт.

- Көпүрөнү ачыш керек да. Биз тараптыгылар "ачылат" деп күтүп жатышат. Наркы 11-көчө уруксат бербей койду. "Балдарыңар ойнойт, иттериңер жортуп келет" деп жатышат. Кыргызстан боюнча бир конуштан экинчи конушка жол бербегенди бир эле ушул жерден көрүп жатам. Мэрияга барса "өзүңөр чечип алгыла" деп жооп бергенин уктук. Ошол бойдон кыймылдабай эле турат, - деди Ак-Буура конушунун тургуну Назира Топчубаева.

Кара-Суу районунун акими баш болуп, көпүрө курулган соң эми аны Ош шаарынын жетекчилиги ачып бериши керек деген пикирде. Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрматбек Исмаилов курулуш иши тиешелүү кызматтардын баарынын уруксаты менен жүргөнүн билдирди:

- Көпүрөнүн курулушу тиешелүү кызматтар менен макулдашылган. Ош шаардык архитектурасы "макул" деп кол коюп, мөөрүн басып берген. Көпүрө курулуп бүткөндөн кийин Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык архитектура бөлүмүнүн башчысы Ажымурат Жолдошев, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов да барган. Эки конуштун тургундары да катышкан. "Ал жер ачылсын" дешкен. Бирок Ак-Тилектин 11-көчөсүнүн тургундары ачтырбай жатышат. "Көпүрө кайсы акчага, кайсы документтин негизинде курулду?" деген арыздар боюнча тиешелүү органдар текшерген.

Оштогу "буулган" жолдор

Оштогу "буулган" жолдор

Ош шаарында жөө басуучу жолдорго өзүмбилемдик менен ашкана же дүкөн куруп алуу кадимки көрүнүшкө айланды. Калаа бийлигинин жолду ээлегендерди тыйганга чамасы жетпей жатат.

Ош шаарынын курулуш жана архитектура башкармалыгы сөз болуп аткан көпүрөнүн курулушуна убагында уруксат берген. Андан башка да уруксат кагаздары толук жыйналган. Ага карабай Ош шаардык архитектура бөлүмүнүн башчысы Ажимурат Жолдошов багы ачылбаган көпүрөнүн тагдырын "комиссия түзүп караш керек" деди:

- Менден мурдагы жетекчилер менен макулдашылган экен. Бирок маселе ошол көпүрө аркылуу Ак-Буура менен Ош шаарын бириктире турган 11-көчөнүн категориясынан маселе жаралып жатат. Бир конуштун ички жолу аркылуу башка конушка жол алып өтүүгө мыйзам жол бербейт. Эми сөз болуп аткан 11-көчөнүн кеңдиги ал жолдун категориясын айыл аралык жол кылууга жол береби же жокпу, аны комиссия түзүп, тактап чыгышы керек.

Сөз болуп аткан көпүрөнүн айынан Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунун тургундары менен Кара-Суу районунун Ак-Буура конушунун жашоочуларынын ортосунда жол талашуудан улам далай жолу жаңжал чыккан.

Ак-Тилектеги 11-көчөнүн тургундары талаштуу көпүрөнүн бир башына бийиктиги эки метр бетон дубал да куруп алышкан. Укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен ал дубал бузулган. Бирок жол ачылбаган бойдон жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG