Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:18

Сооронкулова: Сотторго кайрылуу ажырашкандардын эсебинен көбөйүп жатат


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Кыргызстанда сотторго элдин кайрылган учурлары ажырашкандардын эсебинен көбөйүп жатат. Бул тууралуу Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова 11-июлда “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө сот реформасы талкууланган учурда билдирди. Анын пикиринде, ажырашкан түгөйлөрдүн көбөйүп жатканы сотторго түшкөн арыздардын статистикасын көтөрүүдө:

- Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жылдан жылга кайрылгандар көбөйүп жатканын айтып, муну сотко болгон ишенимдин жогорулашы катары мүнөздөп жүрөт. Негизинен жарандык иштер боюнча айтсак ажырашкандар көбөйүп жатат. Статистика ошондон улам жогору болууда. Ажырашуулар жылдан-жылга көбөйүүдө. Алар каякка кайрылат? Сотко кайрылат да?

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева 3-июлда журналисттерге маалымат берип жатып 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жарандардын жана юридикалык жактардын сотко кайрылган учурлары арбыганын, алар өз укуктарын коргоодо сот органдарын тандап жатканын жана элдин сотторго ишеними жогорулай баштаганын билдирген. Былтыр сотко кайрылгандардын саны 12,2 пайызга көбөйгөнүн айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG