Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө маселеси сессияда каралат (видео)


Бишкек шаардык мэриясынын имараты. Шаардык кеңеш да ушул имаратта жайгашкан.
Бишкек шаардык мэриясынын имараты. Шаардык кеңеш да ушул имаратта жайгашкан.

Бишкек шаардык кеңешинин бүгүнкү кезексиз жыйынынын күн тартибине мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө маселеси киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы саясий абалга, мэриянын ишине, атка минерлерге козголгон кылмыш иштерине байланыштуу бүгүн шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууну беш фракция сунуш кылган. Регламент боюнча фракциялар мэрге ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту талкууга кое алат.

Буга чейин биринчи вице-мэр Ренат Макенов Бишкектин №12 кичирайондогу 3,38 гектар жерди "мыйзамсыз бөлгөн" деген негизде камалган. Аны менен кошо мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов да камакка алынган.

Кечээ мэр Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кеткени тууралуу кабар тарап, мэриянын басма сөз кызматы аны четке какты. Мекеме Ибраимов 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдады.

Ибраимов "ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалынан пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон. (NT)

XS
SM
MD
LG