Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Кыргызстанда улуттук өнүгүү боюнча жаңы стратегия иштелип чыкты


Бишкек шаары. Борбордук аянт.
Бишкек шаары. Борбордук аянт.

Кыргызстанды 2018-2040-жылдарда туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды.

Ахметова долбоор коомдук талкуунун натыйжасында эксперттик жана илимий коомчулуктун пикирин эске алуу менен иштелип чыкканын маалымдады. Жээнбеков аны Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынына алып чыгууну тапшырды. Жыйын 25-июлга белгиленди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда да өлкөнү 2013-2017-жылдар аралыгында өнүктүрүү боюнча улуттук стратегия иштелип чыккан. Андан кийин 2017-жылдын 15-ноябрында 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү стратегиясы кабыл алынган. Документ Атамбаевдин жетекчилигинде даярдалып, алдыдагы 22 жылдагы пландарды камтыганы айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG