Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Пакистан: экс-премьер-министр сот чечимине арызданды


Пакистанда чыккан гезиттердин башкы бети, 14-июль, 2018-жыл.
Пакистанда чыккан гезиттердин башкы бети, 14-июль, 2018-жыл.

Мурдагы өкмөт башчы Наваз Шариф 10 жылга эркинен ажыраткан соттун чечимине арызданып, Исламабаддын Жогорку сотуна кайрылды. Ушундай эле арызды экс-премьердин кызы Мариам, күйөө баласы Мухаммад Сафдар дагы берди.

13-июлда Пакистан бийлиги Шариф менен Мариам Британиядан Лахорго келип конгондо кармаган.

Шариф кызы экөө Антикоррупциялык соттун чечиминин негизинде кармалды. Мурдагы өкмөт башчы 10 жылга, кызы жети жылга сыртынан эркинен ажыратылган. Алар Лондондогу кымбат турак жайды кантип сатып алышканын түшүндүрө алышкан эмес.

Адвокаттардын белгилешинче, Шариф Пакистан бийлигине келип багынып бермейинче, сот чечимине арыздана алмак эмес.

68 жаштагы Шариф соттун чечими "саясий негизде" чыгарылганын белгилеп, өзүн "аскердик жана сот системасынын курмандыгына" айланганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG