Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Коңшу өлкөлөрдө диний китеп үчүн кармалган кыргызстандыктар көбөйдү


Куран жана башка диний китептер.
Куран жана башка диний китептер.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы акыркы учурда "тыюу салынган диний адабияттарды алып жүргөн" деген негизде коңшу өлкөлөрдө кармалган кыргыз жарандары көбөйгөнүн билдирди.

Аталган органдын маалыматтарына караганда, кошуна өлкөлөрдүн чек ара бекеттеринде Кыргызстандан баргандардын жүктөрү катуу текшерилип жатат. Ошондуктан Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстандагы мыйзамдуу адабияттар башка өлкөлөрдө тыюу салынган же экстремисттик материал катары табылышы мүмкүн экенин эскертет. Буга мисал катары Мамлекеттик чек ара кызматы “Таблиги жамаат” диний агымына таандык диний эмгектер Казакстанда тыюу салынганын белгилеп, жарандарды сыртка чыгарда буга көңүл бурууга чакырууда.

“Таблиги жамаат” - ислам динин көчө кыдырып, үгүт-насаат (даават) аркылуу жайылтууну жактаган диний кыймыл. Башаты Пакистан, Индия жана Бангладешке барып такалган бул кыймылдын Кыргызстанда жолдоочулары көп экени айтылып келет.

Буга чейин “Таблиги жамаатка” Орусия да тыюу салынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG