Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Жапония менен Евробиримдик эркин соода келишимине кол койду


Европа кеңешинин президенти Дональд Туск, Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ, Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер келишимге кол коюлгандан кийин. Токио, 17-июль, 2018-жыл.
Европа кеңешинин президенти Дональд Туск, Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ, Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкер келишимге кол коюлгандан кийин. Токио, 17-июль, 2018-жыл.

Келишимге шаршембиде Токиодо кол коюлду. Ага ылайык, Жапония менен Евробиримдик бири-бири үчүн автоунаалардан тартып, быштакка чейин бажы тарифтерин жоюшат.

- Биздин келишимдердин маанисин бирден онго чейинки ченем менен баалаганда мен, албетте, он деп айтаар элем. Эң биринчиден бул, албетте, экономикалык жагы. Анткени эң ири эркин соода келишими түзүлүп жатат. Ал узак мөөнөттөн алганда Европа менен Жапониянын ортосундагы сооданы чыңдап, кошумча иш орундарын жана бакыбатчылык алып келет, - деди 17-июлда Токиодо сүйлөгөндө Европа кеңешинин президенти Дональд Туск.

Евробиримдик менен Жапониянын келишимине "АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу эркин сооданын глобалдык экономикадагы ролун басаңдатпайбы?" деген кооптонуулар чыгып жаткан учурда түзүлдү.

Жапония менен Еврошаркет бириккенде дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн үчтөн бирин беришет.

Евробиримдик үчүн Жапония алтынчы ири соода өнөктөш. Былтыр эки тараптуу сооданын көлөмү 128 миллиард еврону түзгөн. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG