Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Ош: Үч күндө төрт адам өз жанын кыюуга аракет кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында акыркы үч күн ичинде төрт адам өз жанын кыюуга аракет кылды. Дагы бирөө асынып каза болду. Алардын мындай жолго барышына үй-бүлөдөгү, досторунун арасындагы келишпестиктер себеп болгон. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Андан алынган маалыматка караганда, 14-июлда шаардын 16 жаштагы тургуну кѳп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштап, ѳзүн ѳзү ѳлтүрүүгѳ аракет кылган. 15-июлда Кара-Суу районунун конокко келген 50 жаштагы тургуну асынып, өз жанын кыйган. Ушул эле күнү шаардын 25, кийин 21 жаштагы тургуну (аял) ири ѳлчѳмдѳгү димедрол дарысын ичип, ѳзүн ѳзү ѳлтүрүүгѳ аракет кылган. Аларды ак халатчандар ажалдан арачалап калышкан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, 2016-жылы Кыргызстанда 100 миң кишинин ичинен өз жанын кыйган эркектердин саны орто эсеп менен 13,2, аялдардын саны 3,5 адамды түздү.

Башкача айтканда, орто эсеп менен 2016-жылы өз жанын кыйгандардын саны Кыргызстанда 1020 кишини түзгөн. Бул тууралуу маалымат ушул уюмдун расмий сайтына жарыяланды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG