Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:24

АКШ: Юстиция министрлиги Бутинаны камакта кармоону сунуш кылды


Мария Бутина (cүрөт качан тартылганы белгисиз)
Мария Бутина (cүрөт качан тартылганы белгисиз)

АКШнын Юстиция министрлиги шаршембиде федералдык сотко кайрылып, тыңчылыкка шектелген Мария Бутинаны сотко чейин камакта кармап турууну өтүндү. Министрликтин жүйөсү боюнча Бутина орус өкмөтүнө жардам сурап кайрылып, АКШнын аймагынан чыгып кетиши мүмкүн. Ошондой эле ал орусиялык тыңчылар менен байланышта экенин жана бир катар орус офицерлери тууралуу маалыматы бардыгын билдирген.

Москва орус жаранынын камакка алынышын айтыптап, бул Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Хелсинкидеги жолугушуусун утурлап атайын жасалган иш деп баалады.

"Эми Орусия жараны Бутинага жаңы, акылга сыйбас айыптарды тагып жатышат. Бул аз келгенсип, камакка алышты. Сыягы, бул кырдаалды көпкө анализдесе болот. Бирок биз камакка алуу чарасын - Американын ичинде да, сырттагы өнөктөштөрүнө да окуя канчалык олуттуу экенин көргөзүш үчүн атайылап тандап алышкан деп ойлойбуз" – деди Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова.

18-июлдагы Москванын билдирүүсү Вашингтондо округдук сот Бутинанын ишин кароонун жуп алдында жарыяланды.

АКШда Чоң жюри Орусиянын жаранына "чет элдик агент" деп каттоодон өтпөгөнү үчүн жаңы айып такты.

Буга чейин ага "чет элдик тыңчылар менен кызматташкан" деген кине коюлган. Бутина америкалык саясатчыларга таасир этүүгө аракеттенген, Орусиянын кызыкчылыктарын сүрөгөн жана орус бийликтерине иштеген деп шектелүүдө.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 29 жаштагы Мария Бутина 15-июлда Вашингтондо кармалган. Федералдык иликтөө бюросунун версиясына ылайык, ал 2015-жылдан 2017-жылдын февралына чейин орус өкмөтүнүн кызыкчылыгына иштеген, бирок «чет өлкөлүк агент» деп катталган эмес. Анын жетекчиси - АКШнын Финансы министрлигинин санкциялар тизмесине кирген, орусиялык жогорку даражалуу аткаминер болгон.

XS
SM
MD
LG