Американын Миссури штатындагы көлдө туристтерди алып бараткан кайык көмкөрүлүп кетип, кеминде 11 киши курман болду. Арасында балдар да бар. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдады.
Каунти аймагынын шерифи Дуг Радер беш кишинин дайыны табылбай жатканын жана жети адам ооруканага жеткирилгенин кошумчалады. 19-июлда Тейбл- Рок көлүндө болгон кырсыкка аба-ырайынын бузулушу себеп болушу мүмкүндүгү айтылууда.
Cууда да, кургакта да жүрө алчу DUKW үлгүсүндөгү мындай кайыктарды "автобус-амфибия" деп атап коюшат. Аларды Кошмо Штаттардын күчтөрү Экинчи дүйнөлүк согуш маалында колдонушкан. Кийин алар куткаруу кызматтарына тартылчу же жөн жана туристтерге айлана-чөйрөнү көрсөтчү кайыктарга айланып кеткен. 2015-жылы Сиэтл шаарында дал ушундай кайык кырсыктап, беш студент каза тапкан.