Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:52

Түштүк Кореянын экс-президенти дагы сегиз жылга кесилди


Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе сотко баратат. 25-август, 2017-жыл.
Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе сотко баратат. 25-август, 2017-жыл.

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе дагы сегиз жылга абакка кесилди. Сеул соту 20-июлдагы чечими менен аны "2016-жылдагы парламенттик шайлоого кийлигишкен" жана "өкмөттүн каражатынын жоголушуна себепчи болгон" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп тапты.

66 жаштагы Пак Кын Хе быйыл апрель айында "Коррупция" жана "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" айыптары боюнча 24 жылга эркинен ажыратылган. Ал ошондой эле мамлекетке 18 миллион доллар төлөөгө милдеттендирилген. Сот Пак Кын Хени курбусу Чхве Сун Сил менен бизнес компанияларынан акча өндүргөн деп тапкан.

Мурдагы президентке каршы кылмыш иши 2016-жылы ал бийликте турган убакта ачылган. Түштү Кореядагы бир нече күнгө созулган ири акциялардан көп өтпөй парламент Пак Кын Хеге импичмент жарыялап, кызматтан кетирген. Экс-президент 2017-жылы камакка алынган.

XS
SM
MD
LG