Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

"Чоң жыйырманын" министрлери соода согушунун алдын алууга үндөштү


Эл аралык Валюта Фондунун башчысы Кристин Лагард.
Эл аралык Валюта Фондунун башчысы Кристин Лагард.

Буэнос-Айреске чогулган "Чоң жыйырманын" финансы министрлери дүйнө өлкөлөрүн соода согушунун алдын алыш үчүн диалогду күчөтүүгө чакырышканы менен эки күндүк саммиттен кийин конкреттүү кадамдар тууралуу макулдашуулар кабыл алынган жок.

22-июлда жарыяланган саммиттин комюникесинде глобалдык экономика дагы эле күчтүү экени, бирок орточо мөөнөттөгү кооптуу жагдайлар көбөйгөнү белгиленген.

Бир күн мурда бул саммитте сөз сүйлөгөн Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башчысы Кристин Лагард соода согушунун кесепети глобалдык экономиканын өсүш ыргагына олуттуу кедергисин тийгизерин эскерткен. Ал "эң жаман сценарийди" эске алганда дүйнөдөгү ички дүң өнүмдүн жалпы көлөмү 0,5 пайызга кыскарышы мүмкүн экенин, бул жагдай экономикалык өсүштү мурда жоромолдонгондон 430 миллиард долларга азайтаарын айтты.

"Чоң жыйырманын" саммити АКШнын президенти Дональд Трамп "бажы төлөмдөрүн киргизебиз" деп Кытай, Европа жана Канада сыяктуу бир катар өлкөлөргө сөөмөй кезеп турган учурга туш келди.

Июнь айында АКШ менен Кытай бири-биринин 34 миллиард доллардык товарына жаңы бажы төлөмдөрүн киргизген. Вашингтон дагы 500 миллиард долларлык кытай товарларына салык салууну караштырып жатканын билдирсе, расмий Бээжин буга жооп кайтаарарын эскерткен. АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайды "адилетсиз соода жүргүзүп жатат" деп айыптап, андан мындай саясатты өзгөртүүнү талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG