2017-жылдын соңундагы иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда сатылып жаткан дарылардын көпчүлүгү ооруну айыктырууда таасирдүү эмес болуп чыккан. Көмүскө базарда айланган, аткезчилик жол менен кирген, сапатын тийиштүү органдар көзөмөлдөбөгөн дарылар көп экенин Стратегиялык демилгелер борборунун байкоочулары аныктаган. Ушундан улам бирдиктүү e-health же электрондук саламаттык базасын түзүү сунушталып, бирок ал ишке ашпай келе жатканын аталган борбордун адиси Талант Султанов “Азаттыкка” билдирди.
Кыргызстанда сатылып жаткан дарылардын бирдиктүү базасын түзүүнү мындан 3 жыл мурун ошол кездеги саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиянын мисалында сунуш кылган. Бул долбоор ишке ашса, фармацевтика тармагындагы жемкорлук, аткезчилик, бир эле дарыны ар кайсы дарыкана ар башка баада сатуу жана ал дарыны алып кирген компаниялардын салыктан качуусу сыяктуу көрүнүштөргө бөгөт болорун адистер белгилешет. (BCh/AT)