Лаостун түштүгүндөгү Аттаппа провинциясында дамба кыйрап, жүздөгөн адамдын дайыны табылбай жатат. "Франс-Пресс" агенттиги курман болгондор да бар экенин жазды, бирок Лаостун бийлиги бул маалыматты ырастай элек.
Гидроэлектрстанцияда авария болуп, андан чыккан суу бир нече кыштакты каптап кеткен. Алты миңдей адам үй-жайсыз калды. Үйлөрүнүн чатырына чыгып кетүүгө үлгүргөндөрдү куткаруучулар коопсуз жайларга көчүрүп жатышат. Кырсык болгон жерге Лаостун өкмөт башчысы барды.