Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Шаардык соттун коллегиясы Текебаевдин арызын караган жок


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот жараяндарынын бири. Бишкек, 2017-жыл.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот жараяндарынын бири. Бишкек, 2017-жыл.

Бишкек шаардык сотунун Адис Момуналиев төрагалык кылган соттук коллегиясы 25-июлда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын арызын кароодон өзүн четтетти. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, кийинки жараян 15-августка белгиленип, ишти башка соттук коллегия карай турган болду:

- Адис Момуналиев төрагалык кылган соттук коллегия жараян башталаардын алдында эле ишти кароодон өзүн четтетип, 15-августка калтырып койду. Мындай чечимге "Текебаевдин ишин мурда биз караганбыз, азыр аны кароого укугубуз жок" деген жүйө келтиришти. Текебаевдин иши боюнча биз берген беш жаңы жагдайды кароону Башкы прокуратура четке кагып койбоду беле? Ошонун үстүнөн биз Октябрь райондук сотуна кайрылганбыз. 25-июлда райондук сот Башкы прокуратуранын чечимин өзгөртүүсүз калтырып, биздин өтүнүчтү канааттандырган эмес. Биз ал чечимге макул болбой Бишкек шаардык сотуна даттандык.

Буга чейин саясатчынын адвокаттары жаңы жагдайларга ылайык Текебаевдин ишин кайра кароону өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. Башкы көзөмөл органы "Текебаевдин адвокаттары көрсөткөн жагдайлар соттун жүрүшүндө каралган" деп аны кайра караган эмес.​ Адвокаттар буга макул болбой, Бишкектин Октябрь райондук сотуна даттанып, сот арызды өндүрүшкө алуудан баш тарткан. Натыйжада актоочулар шаардык сотко арызданган.

Таалайгүл Токтакунованын айтымында, беш жагдайдын ичинде Текебаевдин Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Адис Момуналиевдин "өзүнө иш козгоп бергиле" деген арызы да бар. Камактагы саясатчы "Момуналиев "Нур Телеком" ишканасынан келген далилди ишке тиркебей койгон" деп эсептейт.

Өмүрбек Текебаев 5-июнда Башкы прокуратурага кайрылып, Адис Момуналиевдин иш-аракеттери боюнча текшерүү жүргүзүүнү өтүнгөн. Анын айыбы аныкталса кылмыш ишин козгоону талап кылган. Текебаев Момуналиев “Нур Телеком” (“О!” мобилдик компаниясы) ишканасынан келген жоопту билип туруп иштин материалдарына тиркебей койгонун, ошонун кесепетинен анын күнөөсү жоктугун тастыктоочу далил эске алынбай калганын айтууда.

Соттук териштирүү учурунда Текебаев менен Чотоновду айыптаган орусиялык жаран Леонид Маевский 2010-жылы Бишкекке келген убакта кайсы жерлерге барганын аныкташ үчүн анын телефондук сүйлөшүүлөрүн берүү боюнча “Нур Телекомго” кат жөнөтүлгөн. Шаардык сотто ишти Адис Момуналиев жетектеген коллегия караган.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып коюлуп, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 колонияда, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылындагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Жогорку сот аларга карата чыгарылган чечимдерди күчүндө калтырган. (NT)

XS
SM
MD
LG