Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Баткенде иш таштаган жолчуларга айлык төлөө графиги түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде бир нече айдан бери маянасын ала албай жаткан жол куруучуларга айлык акы 30-июлда төлөнө баштайт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 21-июлда Үч-Коргон айылында министр Жамшитбек Калиловдун жана Ислам өнүктүрүү банкынын Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору Эркинбек Осоевдин катышуусунда жыйын өткөрүлгөн. Анда жалдануучу “Алке Иншаат” компаниясынын менежерине эмгек акыдагы карыздарды тез арада жоюу боюнча тапшырма берилген. Жалдануучу карыздарды жоюу графиги түзүлгөнүн, 25-июлда Баку шаарынан акча которуларын жана 30-июлдан тартып төлөмдөр башталарын билдирди.

Баткенде жол куруучу ишкананын 40тай жумушчусу иш таштаганын, бир нече айдан бери маянасын ала албай жаткандыктан ушундай кадамга барганын “Азаттыкка” айдоочу Алыбек Пазылов 25-июлда билдирген.

Министрликтин маалыматына караганда, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 75-108 чакырымын (Караван айылынан Көк-Талаа айылына чейинки бөлүгүн) реконструкциялоо долбоорун Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 21 млн. доллар бөлүүгө убада берген.

2017-жылдын 11-майында Транспорт жана жол министрлиги менен «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» компаниясынын ортосунда курулуш иштерин аткарууга 18 млн. долларлык келишимге кол коюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG