Орусияда тажикстандык беш жашар Хувайда Тиллозоданын мыкаачылык менен кордолуп, өлтүрүлгөнүнө байланыштуу төрт полиция кызматкери иштен айдалды. Ички иштер министрлигинин Москва облустук башкармалыгы билдиргендей, мындай чечимге "полиция кызматкерлери Серпухов шаарында кылмышка шектүү адамдын үстүнөн буга чейин да даттануу болгону менен, ага көңүл бурган эмес" деген жүйө келтирилди.
22-июлда сыртта ойноп жүргөн жерден дайынсыз жоголгон Хувайданын зордукталып жана мыкаачылык менен бычакталган сөөгү эртеси темир жол станциясынын жанында спорттук баштыктан табылган.
Полиция кылмышка шектүү катары маркумдун 28 жаштагы коңшусу Александр Семинди кармаган. Тергөөдө былтыр да анын үстүнөн арыздар түшүп, бирок полиция кызматкерлери көңүл бургусу келбей койгону ачыкка чыккан.