Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Москва: тажик кызы кордолуп өлтүрүлгөн


Тажикстанга жеткирилген Хувайда Тиллозоданын сөөгү салынган табыт. 25-июль, 2018-жыл.
Тажикстанга жеткирилген Хувайда Тиллозоданын сөөгү салынган табыт. 25-июль, 2018-жыл.

Орусияда зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн беш жаштагы тажик кыздын окуясы чоң резонанс жаратты.

Үрөй учурган окуядан улам киши колдуу болгон наристенин жакындары жана коомчулук кылмышкерди катуу жазалоону талап кылууда. Тажик бийлиги Орусияга нота жиберди.

Хувайда Тиллозоданын сөөгү 25-июлда Москвадан Дүйшөмбүгө жеткирилип, ошол эле күнү Куляб шаарында жерге берилди. Наристени айылдагы чоң атасы менен чоң энеси жаткан мүрзөгө коюшту. Анын сөөгүн Орусиядан ата-энеси, Тажикстандын Миграция жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин өкүлдөрү алып келишти. Күйүт тартып турган кыздын энеси Гүлнара Шарипова Хувайданын жаныбарларды жакшы көргөнүн эскерип отурду:

Гүлнара Шарипова аэропортто кызынын сөөгүн коштоп келген учуру.
Гүлнара Шарипова аэропортто кызынын сөөгүн коштоп келген учуру.

- Кызым жаныбарларды, анын ичинде итти аябай жакшы көрчү. Ит менен ойногонду жакшы көрчү. Бир маалда коңшулар кызымды бирөө ээрчитип кетип баратканын айтып калышты, көчөгө чыгып эле таппай калдым. Ал чоочун адам педофил, мыкаачы экенин кошуналарым айтып, "ага жакын жолобо" дешти. Милиция менен издегенде кызымды жансыз жатканын таптык.

Хувайданы 22-июлда Москванын четинде жергиликтүү тургун зордуктап өлтүргөн. Анын эртеси беш жашар кыздын спорттук сумкага салынган сөөгү Москва облусунун четиндеги Серпухов шаарынын темир жол бекетинен табылган. Мыкаачынын колунан жан берген кыздын атасы Абдусалам Саидов жакынкы күндөрү кайра Орусияга камынып жатканын айтты:

- Мен кызымды өлтүргөн кылмышкердин жүзүн бир көрөйүн деп аракет кылдым. Бирок укук коргоо органдары мага аны көрсөтпөй коюшту. Азыр кээ бирлери аны сотто психикалык жактан оорулуу деп табуу жөнүндө айтып жатышат. Эгер андай болсо киши өлтүргүч армияда кантип кызмат өтөгөн? Ошол себептүү мен кайра барып, соттук иштерге катышып, ага катуу жаза берилишин талап кыламын.

Абдусалам Саидов.
Абдусалам Саидов.

Саидовдун айтымында, кызын кылмышкер уурдап барып, андан соң кордоп өлтүргөн.

- Ошол күнү мен дүкөнгө кеткен болчумун. Аялым кичине кызыбызды караганы кетиптир. Бир саамга кароосуз калган кызымды 5-10 мүнөттүн аралыгында уурдап кеткен экен. Ал кечки саат 5тер чамасы болчу. Анын сөөгү эртеси күнү таңкы саат 4тө табылбадыбы.

24-июлда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги мыкаачылык менен өлтүрүлгөн беш жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу Серпухов шаарына нота жөнөттү. Документте тажик тышкы иштер мекемеси Орусиянын тийиштүү тергөө органдарынан жапайычылык менен киши колдуу болгон Хувайда Тиллозоданын өлүмүн кылдат иликтеп, кылмышкерди оор жазага тартууну өтүнгөн. Бул багытта Тажикстандын Орусиядагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрү укук коргоо органдары менен байланышта болуп, кылмыш ишине акырына чейин көз салып турушмакчы.

5 жашар Хувайда Тиллозода. Үй-бүлөлүк сүрөттөрүнөн.
5 жашар Хувайда Тиллозода. Үй-бүлөлүк сүрөттөрүнөн.

Орусиялык маалымат каражаттары жазып чыккандай, Москва облусунда жашаган беш жашар Хувайда 22-июлда короодо ойноп жүргөн жеринен дайынсыз жоголгон. Кызды бир нече саат издешип, тегеректин баарын карап чыгышкан. Бир күндөн кийин гана темир жол бекетинин жанынан сумкадагы сөөгүн табышкан. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, Хувайда зордукталып, андан соң бычак менен өлтүрүлгөн.

Кылмышка шектүү катары кармалган 28 жаштагы Александр Семин.
Кылмышка шектүү катары кармалган 28 жаштагы Александр Семин.

Москва облусунун тергөө комитети билдиргендей, кылмышка шектүү катары 28 жаштагы жергиликтүү тургун Александр Семин кармалган. Ал жашаган батирден тергөөчүлөр кыздын бут кийимин жана колунун издерин табышкан. Хувайда бала бакчага барган, эч кимден чочуркабаган кыз болчу. Ата-энесинин "бөлөк-бөтөн кишилер менен сүйлөшпө" деген эскертүүсүн такай уккан беш жашар кыз кылмышкердин колуна кантип түшүп калганын жакындары эмгиче түшүнө албай турат.

Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча Орусияда бир миллионго жакын тажик мигранты бар. Укук коргоо уюмдарынын эсебинде, Орусияда мигранттардын укуктары бузулган фактылар абдан көп. Орусияда жылына 150-200 тажик атуулу дайынсыз жоголот. Ошондой эле 300дөн 600гө чейин тажикстандыктардын сөөгү туулган мекенине жиберилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG