Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 14:53

Түштүк Кореяда жол кырсыгынан кийин ооруканада каза болгон тажикстандык Нурмухаммад Жалаловдун сөөгүн жакындары медициналык кызматтар үчүн ал өлкөгө 21 миң доллар төлөгөн соң гана алышты. Анткени мигрант жигиттин бул өлкөдө жашап, дарыланууга жол берген медициналык камсыздандыруу документи болгон эмес.

Хожент шаарынын 22 жаштагы тургуну Нурмухаммед Жалалов бир топ жылдардан бери Түштүк Кореяда жашап, ошол жакта иштеп жүргөн. Ушул жылдын 29-майында жол кырсыгы болуп, ооруканага жеткирилген соң каза болгон. Нурмухаммеддин кырсыктан алган жарааты оор болгондуктан дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Маркумдун эжеси Наима Саидова буларды айтты:

- Биз туугандар менен бул жакка 2015-жылы келгенбиз. Ошол күнү Нурмухаммед унааны өзү башкарып баратып, жолдун карама-каршы тарабына чыгып кетип кырсыкка кабылды. Мойну сынып, көп кан жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер бир топ аракет жасаганы менен анын абалы начарлай берди. Ошентип ошол эле күнү кечки саат он чамасында каза болуп калды.

Мигрант жигиттин медициналык чыгымдарды компенсациялоо боюнча камсыздандыруу полиси болбогондуктан, ал жеткирилген Сеул шаарындагы клиниканын администрациясы маркумду дарылоого эле 21 миң доллар талап кылган. Жакындары бир апта ичинде талап кылынган каражатты чогултканга чейин анын сөөгү оорукананын өлүкканасында жатты. Андан соң гана мигранттын сөөгү Тажикстанга алып келинип, 12-июнда Хожент шаарында жерге берилди.

- Түштүк Кореяда камсыздандыруу болбосо медициналык кызмат көрсөтүү абдан кымбат экен. Инимдин ден соолугун камсыздаган бул багыттагы документи жок болгондуктан дарыгерлер бизден 21 миң доллар төлөөнү талап кылышты. Ошол учурда бизде андай суммада акча жок болчу. Каражаттын бир бөлүгүн берип, калган сумманы кийин тапшыралы деп сурансак Кореянын дарыгерлери макул болушкан жок. Каражат тапканча деп сөөктү өлүкканадан чыгарбай коюшту, – деди Наима Саидова.

Каражат чогултууга Нурмухамеддин жакындарына Түштүк Кореядагы тажик диаспорасынын өкүлдөрү жана унаа ташуу менен алектенген ишкерлер көмөк беришкен. Жалаловдор сөөктү мекенине алып келүүгө көмөктөшкөн тажик мигранттарына ыраазы болуп отурушат.

Түштүк Кореядагы тажик диаспорасынын катарын негизинен студенттер, жаштар жана бир аз бөлүгүн ишкерлер түзөт. Эки өлкө ортосунда азырынча ишке орноштуруу боюнча эч кандай келишим жок. Тажикстандын бийлиги болсо жарандарын эркин жана мыйзамдуу түрдө ишке орноштуруу үчүн Түштүк Корея менен келишим түзүүгө аракет кылууда.

Орусиядагы тажик мигранттары
Орусиядагы тажик мигранттары

Ошол эле учурда Орусиянын жарандыгы бар тажик атуулдары Түштүк Кореяга визасыз эле барып, жарым жылга чейин жүрүүгө укуктуу. Ал эми Кореяга кирүүнүн башкы шарты катары ден соолукту камсыздандыруу эсептелет.

"Бирок Кореяга келген тажик жаштары камсыздандырууга көп маани беришпейт", – дейт мигрант Даврон Захидов.

- Мисалы, Түштүк Кореяда 100 долларга эле камсыздандыруу полисин аласың. Мындан да арзанын издесең чыгат. Тажик мигранттары учурда камсыздандыруу документтери кымбат деген түшүнүк менен аны жасабай жатышат. Анан кырсык болгондо бир топ маселе жаралат.

Тажик ишкер Захидов он жылдан бери үй-бүлөсү менен Инчхон шаарында жашайт. Анын айтымында, түштүк кореялык ишкерлер жумушчуларга өздөрү медициналык камсыздандыруу алып беришет. Бирок тийиштүү уруксат кагаздары болбогон тажик мигранттары бул шарттарды колдоно алышпайт.

Ушундай эле көйгөй азыр Америка жана Европанын башка өлкөлөрүндө иштеп жаткан тажик мигранттарында да кездешет. Алардын көпчүлүгү өздөрүнүн мигрант катары укуктары менен милдеттерин жана медициналык жактан камсыздандыруу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун жакшы билишпейт.

Түштүк Кореянын желеги
Түштүк Кореянын желеги

Маалыматтарга караганда учурда Түштүк Кореяда элүүгө чукул тажик жараны расмий каттоодо турат. Бирок мыйзамсыз барган жарандар мындан кыйла көп болушу мүмкүн. Тийиштүү уруксат кагаздары жок мигранттар көбүнчө талаада, ашканаларды тазалоодо жана башка оор жумуштарда иштешет. Эгерде аларды укук коргоо органдары кармаса, чоң көлөмдөгү айып төлөтүп, беш жылга депортациялайт.

Түштүк Корея мыйзамдуу жумушка орноштуруу боюнча 16 мамлекет менен гана келишим түзгөн. Алардын арасында Кыргызстан жана Өзбекстан да бар. Жыл сайын Кыргызстанга 500дөн ашык адамга квота бөлүнөт.

Кореянын миграция кызматынын маалыматы боюнча бул өлкөдө 3776 кыргызстандык каттоодо турат. Ал эми мыйзамсыз жүргөндөрдүн саны болжол менен миңдин тегерегинде.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG