Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:06

Македон парламентинде референдум маселеси добушка коюлууда


Македон парламенти Греция менен түзүлгөн келишимди 20-июнда ратификациялаган.
Македон парламенти Греция менен түзүлгөн келишимди 20-июнда ратификациялаган.

Македониянын парламенти өлкөнүн аталышын өзгөртүү боюнча Греция менен кол коюлган келишимди бүткүл элдик добуш берүүгө чыгаруу жөнүндө сунушка добуш бергени жатат. Дүйшөмбү күнгө белгиленген добуш берүүнүн алдында премьер-министр Зоран Заев референдум 30-сентябрда өтүшү мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, бюллетенде "Сиз Македония менен Грециянын ортосундагы келишимди кабыл алуу менен Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө болууга макулсузбу?" деген бир суроо болот.

Заев Греция менен узактан бери келаткан талашка чекит коюну көздөгөн келишимдин референдумга коюлушун "тарыхый" аракет катары мүнөздөп, бул чечим Македониянын келечегин аныктай турганын белгиледи.

17-июнда грек жана македон тышкы иштер министрлери Македониянын атын Түндүк Македония Республикасы деп өзгөртүү тууралуу келишимге кол коюшкан. Андан бери Грецияда да, Македонияда жаңы аталышка каршы нааразылык акциялары токтобой келатат. Македон парламенти негизги оппозициячыл партиянын каршылыгына карабай, бул келишимди ратификациядан өткөргөн.

1991-жылы коммунисттик Югославия Федерациясы ыдыраганда анын бир бөлүгү Македония Республикасы деген аталыш менен эгемен өлкө катары пайда болгон. Бирок Грециянын түндүгүндө ушундай аталыштагы аймак бар болгондуктан расмий Афины келечекте бул жер талашка себеп болушу мүмкүн деген негизде андай аталышка каршы болуп келген.

НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болгон Греция бул талаш жөнгө салынмайын Македониянын эки уюмга тең кабыл алынышына каршы экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG