Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:07

"Левада": Орусияда митингчил маанай күчөдү


Москвадагы пенсия реформасына каршы митинг, 29-июль 2018-жыл.

"Левада-борборунун" жаңы сурамжылоосуна ылайык, орусиялыктардын экономикалык талаптар менен митингдерге чыгууга даярдыгы 2000-жылдан бери эң жогорку чекти көрсөттү.

"Эгер мындай массалык нааразылык акциялары болсо, жеке өзүңүз ага катышасызбы же жокпу?" деген суроого сурамжылоого катышкандардын 28 пайызы "ооба" деп жооп беришкен. Президент Владимир Путин бийлик башына келгенден бери бул көрсөткүч мынчалык жогору болгон эмес.

Буга чейин 1998-жылы гана орусиялыктардын 33 пайызга чукулу экономикалык кыйынчылыктардан улам көчөгө чыгууга даярдыгын айтышкан.

"Левада-борбору" 1600 киши катышкан бул сурамжылоону 19-25-июлда Орусиянын 163 калктуу пункттарында жүргүзгөн. Ага ылайык, саясий талаптар менен митингдерге катышууну каалагандардын саны 23 пайызды түздү. Сурамжылоого катышкандардын 37 пайызы пенсия реформасына каршы митингдерге чыгууга даярдыгын билдиришкен.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG