Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Ооганстанда 61 адам барымтадан бошотулду


Гилменд провинциясындагы ооган күчтөрү.
Гилменд провинциясындагы ооган күчтөрү.

Ооганстандын атайын күчтөрү Гилменд провинциясында 61 адамды "Талибан" кыймылынын барымтасынан бошотту. Ооган армиясынын атайын күчтөрүнүн басма сөз катчысы Жавид Салим билдиргендей, туткундарды бошотуу операциясы 2-августта талиб согушкерлеринин чордону саналган Кажаки районунда өткөрүлгөн. Операция маалында эки жоочу жок кылынды.

Азырынча бул кабар боюнча "Талибан" кыймылынын билдирүүсү чыга элек. Барымтадан бошотулган адамдар армиянын Гилменддеги башкы кеңсесине жеткирилди.

Согушкерлер бул кишилердин көбүн ооган күчтөрү менен кызматташканы үчүн же жергиликтүү полиция бөлүмүндө иштегени үчүн кармап кетишкен. Жавид Салимдин айтымында, туткундар начар шартта кармалып, кыйноого кабылган.

Май айында да Ооганстандын атайын күчтөрү дал ушул Кажаки районунда жүздөн ашык туткунду бошоткон.

SIGAR (Ооганстанды кайра куруу боюнча атайын инспекторлук) уюмунун соңку баяндамасына ылайык, Гилменд провинциясындагы 14 райондун тогузун согушкерлер көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG