Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Ооганстан: шиит мечитиндеги жардыруудан 20 киши мерт болду


Архив.
Архив.

Ооганстандын чыгышындагы шииттердин мечитинде жанкечти өзүн жардырып, андан кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылды. Чагымчыл кол салуу бүгүн, 3-августта жума намазы маалында болгонун Пактия провинциясынын полиция бөлүмүнүн өкүлү Сардар Вали Табасун билдирди. Анын айтымында, экинчи жанкечти өзүн жардыраарда атып өлтүрүлгөн.

Шиит мечитиндеги жардыруудан ондогон адамдар жарадар болуп, көбү жергиликтүү ооруканага жеткирилип жатканы кабарланды.

Бул чабуулга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок Ооганстанда шииттерди бутага алган буга чейинки кол салуулардын көбүн өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ уюштурган.

Былтыр декабрь айында бул топтун жанкечтиси Кабулдагы шииттердин маданий борборунда өзүн жардырып, андан кеминде 40 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG