Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Иран АКШнын санкциясынан мурун беш учак сатып алды


Тегеран аэропортундагы ATR-72 үлгүсүндөгү төрт учак (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Тегеран аэропортундагы ATR-72 үлгүсүндөгү төрт учак (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Иран Кошмо Штаттардын санкциялары кайра күчүнө кирет деп жатканда жарандык максатта колдонула турган жаңы беш учак сатып алды.

Ирандын мамлекеттик IRNA агенттиги ATR 72-600 үлгүсүндөгү кыска аралыкка уча турган беш учак Тегеранга келип конгонун кабарлады. Учактар Италия менен Франция биргелешип түзгөн өндүрүштөн чыккан.

Былтыр апрелде Тегеран европалык бул консорциумга мамлекеттик "Iran air" компаниясы үчүн 20 учак заказ кылган. Тегеран үстүбүздөгү жылдын этегине чейин бардык учактарды алышы керек. Азырынча ирандыктар 13 учак алганын маалымат каражаттары кабарлашты. Келишим жалпысынан 535 миллион долларга түзүлгөн.

Тегерандын жаңы учактарды алып жатканы 2015-жылы дүйнөлүк алты держава менен Ирандын ортосунда жетишилген макулдашуунун акыркы жемиши болушу мүмкүн.

АКШ президенти Дональд Трамп май айында бул келишимден Вашингтон бир тараптуу чыгарын жарыялаган.

Ирандыктар кескин өсүп кеткен инфляцияга жана экономикалык каатчылыкка нааразы болуп бир нече күндөн бери нааразылык акцияларын улантып жатышат.

XS
SM
MD
LG