Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:20

Кытайда диссидент сүрөтчүнүн өнөрканасын жок кылышты


Ай Вэйвэй Праганын Улуттук галереясында, 16-март, 2017-жыл.
Ай Вэйвэй Праганын Улуттук галереясында, 16-март, 2017-жыл.

Бээжинде кытай бийлигин кескин сындап, укук коргоочулардын таламын талашып жүргөн сүрөтчү Ай Вэйвэйдин өнөрканасын түрттүрүп салышты. Сүрөтчү анын студиясы жайгашкан имаратты эч кимге айтпай туруп бузуп ташташканын билдирди.

Ал жерде Ай Вэйвэйдин өнөрканасы 10 жылдан ашуун турган. Бийлик сүрөтчүнүн ижара келишими аяктаганын билдирди. Июлдун аягында шаардын бул районундагы бардык галереяларга башка жакка көчүп кетүүнү эскертишип, ал жерде курулуш башталарын кабарлашкан.

Ай Вэйвэй дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө таанылган чебер. 2011-жылы кытай бийлиги анын паспортун тартып алып, төрт жыл үй камагына отургузган. Анын аты-жөнүн Кытайдын интернет мейкиндигинен издеп табуу мүмкүн эмес, бийлик ага тыюу салган. 2015-жылы Ай Вэйвэй Берлинге көчүп кетип, өз студиясын уюштурган.

Сүрөтчү 2008-жылы Бээжиндеги Олимп стадионунун долбоорун түзүүдө таанылган. 2011-жылдын октябрында “Art Review” журналы Ай Вэйвэйди азыркы искусствонун эң таасирдүү өкүлдөрүнүн сап башына койгон.

XS
SM
MD
LG