Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 6-августта Бишкек мэриясынын алдына пикетке чыгып, шаардын башчылыгына Азиз Суракматовдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүнө нааразылык билдирди. Ал илегендин бетине мэрди чоңдор тандабай, эл шайлашы керек экендиги тууралуу талапты жазып алды.
Активист "Азаттыкка" кабарлагандай, аны менен мэриядан эч ким чыгып сүйлөшкөн жок.
Баш калаада бүгүн "Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу да өтүп жатат. Жарандык активисттер жана бийлик өкүлдөрү катышкан жыйында мэрди эл шайлашы керек экендиги, мурункулардын кемчиликтери талкууланып, сунуштар айтылууда.
Бишкек шаарынын мэринин кызматына документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктап, Азиз Суракматов гана арыз берген. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коопмчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.
Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды.
Бишкек шаардык кеңешинде мэрди шайлоо 8-августка белгиленген. (SE)