Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Сауд Арабиясы Канададагы элчисин чакыртып алды


Бадавини колдогондор Лондондогу Сауд Арабиясынын элчилигинин алдында пикетте турушат. 22-январь, 2015-жыл.
Бадавини колдогондор Лондондогу Сауд Арабиясынын элчилигинин алдында пикетте турушат. 22-январь, 2015-жыл.

Сауд Арабиясы Оттавадагы элчисин чакыртып алып, Канада менен жаңы соода жана инвестициялык алакаларын токтоторун билдирди.

Падышалыктын Тышкы иштер министрлиги мындай чечим “Сауд Арабиясынын ички иштерине Канаданын кийлигишкенине жооп" деп билдирди. Эр-Рияд ошондой эле бул "эл аралык эрежелерге каршы келээрин жана суверенитет принцибин бузаарын” белгиледи.

Өткөн аптада Канаданын Тышкы иштер министрлиги Сауд Аравиясында аялдардын укугу үчүн күрөшкөн жарандык активисттердин кармалышын сындап, аларды бошотууну талап кылган.

Кармалгандардын арасында «Сауд Арабиясынын либералдары» деген сайттын негиздөөчүсү, блогер Раиф Бадавинин карындашы, укук коргоочу Самар да бар. Буга чейин Бадави исламды сындаганы үчүн 10 жылга эркинен ажыратылган.

Бадавинин аялы Канададан саясий башкалка таап, жакында эле бул өлкөнүн жарандыгын да алган. Оттава Эр-Рияддан автивистти саудиялык жарандыгынан ажыратып, Канадага депортациялоону суранган.

Абактагы Бадавиге ырайым берүү өтүнүчү менен АКШ, Евробиримдик жана укук коргоочу уюмдар Эр-Риядга кайрылган.

Сауд Арабиясында мындай чакырыктар менен өтүнүчтөр өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп саналат.

XS
SM
MD
LG