Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Ооганстанда согушкерлердин чабуулунан 12 киши мерт болду


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү.

Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында "Талибан" кыймылынын согушкерлери текшерүү пунктуна чабуул коюп, андан төрт ооган аскери мерт болду. Дагы алты жоокер жарадар болгонун провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Мохаммад Насер Мехри билдирди.

Анын айтымында, Бала Булук районундагы бул куралдуу чабуул 6-августта кечинде башталып, 7-августтун таңына чейин уланган. Ооганстандын аба күчтөрү жардамга келип, алардын соккусунан 19 талиб жоочу мерт болуп, отуздайы жараланды.

Логар провинциясында да жоочулар менен ооган күчтөрүнүн ортосунда атышуу болуп, төрт аял жана төрт өспүрүм курман болду. Окуя провинциясынын борбору Пули Алим шаарынын жанында болгон.

Бул чабуулдар боюнча "Талибан" кыймылынын билдирүүсү чыга элек.

XS
SM
MD
LG