Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Манафорттун сотунда башкы күбө көрсөтмө берүүнү улантууда


Пол Манафорт (солдо) жана Рик Гейтс.
Пол Манафорт (солдо) жана Рик Гейтс.

АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы штаб башчысы Пол Манафорттун сотунда башкы күбө Рик Гейтс экинчи күн катары менен көрсөтмө берүүдө. Ал Александрия шаарында өтүп жаткан бүгүнкү соттук териштирүүдө украиналык ишкер өз кызыкчылыгын алдыга жылдыруу үчүн Манафортко берген миллиондогон долларлар тууралуу айтып жатат.

Гейтс дүйшөмбүдөгү көрсөтмөсүндө Манафортко украин ишкерлери саясий кеңеш үчүн берген ири суммадагы акчанын изин жашырууга жардамдашканын мойнуна алган. Анын айтымында, акча Кипрде ачылган эсепке түшүп турган жана Манафорт үчүн ачылган чет өлкөлүк банктардагы эсептер тууралуу салык органдарына маалымат берилген эмес.

Манафорт Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин атынан иш жүргүзгөн учурда "салыктан качкан" жана "көз боёмочулук кылган" деген сыяктуу бир нече берене боюнча айыпталууда. Ага Орусиянын Америкада 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого кийлигишүүсүн иликтеп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллер айып таккан. Азырынча ага коюлган айыптардын бири да анын Трамптын шайлоо штабын жетектеп турган учурдагы ишине тиешеси жок. Манафорт өзү күнөөсү жок экенин айтып келет.

Гейтс да жыл башында "АКШны алдоо үчүн кутумга барды" деп айыпталып, ал жазаны жеңилдетүү үчүн прокурорлор менен кызматташа баштаган.

XS
SM
MD
LG