Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Бурулайдын өлүмү боюнча экинчи экспертизанын жыйынтыгы чыкты


Бурулай Турдаалы кызынын зыйнаты. 29-май, 2018-жыл.
Бурулай Турдаалы кызынын зыйнаты. 29-май, 2018-жыл.

Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча экинчи соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нургүл Нусупова "Азаттыкка" билдиргендей, кайра жүргүзүлгөн экспертизада маркумдун денесинде кыйноо менен жазылган жазуу аныкталган жок. Экспертизанын жыйынтыгынын көчүрмөсү кыздын ата-энесине берилгени кабарланды:

- Мурункудай эле чыкты. Жазуу жок. Маркумдун көкүрөгүндөгү тактар реанимацияда жүрөктү иштетүүчү аппаратты (дефибриллятор) колдонгондон кийинки күйүктөн калганы көрсөтүлгөн.

Буга чейин Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси анын сөөгүн эксгумациялоону талап кылып, муну экспертизанын жыйынтыгына макул болбогону менен түшүндүргөн.

Маркумдун ата-энеси менен милициянын ортосундагы ача пикир кыздын денесинде "жазуу болгон" деген маалымат менен байланыштуу.

Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө "Н+Б" деген жазуу жана крест болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге бул ишти катуу көзөмөлгө алуу менен маркумдун атасын кабыл алууну тапшырган. Бирок кандуу окуяда кызынан айрылган Турдаалы Кожоналиев министр менен жолугушуу болбогонун айткан.

XS
SM
MD
LG